ДИЗЕНТЕРИЯ

(гр. dysenteria, dys…— бузулуу, enteron — ичеги) — катуу кармама же өнөкөт жугуштуу ич өтүү оорусу. БактериялыкД-ны ичегилердин былжыр челиндеги түрдүү дизентериялык бактериялар пайда кылат. Бул ооруну козгоочулар оору кишиден бөлүнүп чыгып, сууда, ТҮРДҮҮ тамак-аш продуктуларында көпкө чейин тирүү жүрөт. Д-нын та-ралынгына тазалыктын жоктугу ж-а чымын себеп болот. Ооруну козгоочу таякчалар кайнабаган суу, тамак, кир кол ж. б. аркылуу жугат. Ичеги-де бактериялардын тиричилигинен ж-а өлүшүнөн уу — токсиндер бөлүнүп, жоон ичегинин былжыр кабыгына ж-а канга өтөт. Андан жоон ичеги бузулуп, ич өтөт, заң м-н кошо кан ж-а ириң бөлүнөт. Оору башталганда чыйрыктырып, ич ооруп тез-тез өтөт (10—15 жолу), эт ысып (38— 39,5°С), уйку бузулат, тамакка табити тартпай калат. Амёбалык Д. дизентериялык амёбанын жоон ичегиге кирип көбө-йүшүнөн пайда болот, жоон ичеги жараланып, андан кан агат, ичеги жарылат же тарыйт. Инкубация мезгили 1 жумадан 3 айга чейин ж-а андан да ашык. Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Д-дан алдын ала сактануу үчүн тазалыкты ж-а тамак-ашты туура сактап, жашылчаны кайнаган сууга жууш керек. Жаныбарлардан Д. м-н чочко ж-а кой ооруйт. Чочконун Д-сын биринчи жолу амер. илимпоз Л. Дойл ачкан (1921). Көбүнчө 1—6 айлык торопойлордо жолугат. Ал оорулуу ж-а бактериялуу чочкодон жугат. Инкубация мезгили 10—18 күн. Негизги клиникалык белгиси: чочконун ичи өтөт, арыктайт. Козулардын Д-сы анаэробдук мүнөзгө ээ, аны СССРде биринчи жолу М. Д. Полыковский аныктаган (1936). Көбүнчө туут мезгилинде 1—5 күндүк козулар ооруйт. Д. м-н ооруган козулар тез өлөт. Алдын алуу үчүн зооги-гиеналык режимди сактоо, туура тоюттандыруу ж-а антибиотик колдонуу керек.

Ад.:   Сеп п и И. В., Дизентерия, М., 1963; Дизентерия свиней.— Дизентерия ягнят, в кн.: Ветеринарная энциклопедия, т. 2, М., 1969, с. 806—810.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *