ДИЕТА

(гр. diaita — жашоо шарты, тамактануу режими) — мүнөздөп тамактануунун тамак-аштын хим. составы, физ. касиети, даярдалышы ж-а кабыл алуу өлчөмүнө ылайык атайын иштелип чыккан режими. Ден соолугу таза адамдын тамактануусун (кесибим, жашына ж. б-га жараша) тамактануу гигиенасы изилдейт. Оорулуу адамдар үчүн Д-ны иштеп чыгуу ж-а оорулууларга сунуш кылуучу илим диетология деп аталат. Адамдын организминин функциясы, зат алмашуусу ж. б. бузулса Д. колдонулат. Туура тандалган Д. ар кандай дары каражаттарынын таасирин күчөтүп, дарылоого жардам берет. Алдын алмай Д. оорунун өнөкөткө айланышына жол бербейт. Дарттуу мал да режимге ылайык тоюттандырылып, Д-га коюлат. Мында оорунун диагнозу, малдын абалы, жашы, породасы, жыныс ж-а кунар-дуулугу эске алынат. Алар үчүн атайын рацион түзүлөт.

Ад.:   Покровский А. А., Беседы о питании, М., 1968; Дмитрочен-к о А. П., Пшеничный П. Д., Кормление сельскохозяйственных животных, 2 изд., М., 1964.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *