ДИАТЕЗ

 (гр. diathesis — жакын) — организмдин ар кандай оору процесстерине бат учурама абалы. Д-дин тубаса ж-а тукум куума түрү болот. Соо организмге зыянсыз кадыресе шарттар Д-ге чалдыкма кишилерди ооруга дуушар кылат. Д-дин көп түрлөрү бар. Экссудат-катар Д-и көбүнчө 3 жашка чейинки балдарда кездешет. Анда баланын денесинде дүүлүктүрүүчү бөрү жатыш ж-а кызыл тактар пайда болот, кычышат. Л им ф а Д-и м-н 3—7 жаштагы балдар ооруйт. Мында организмдин түрдүү заттарга сезгичтиги күчөйт. Тукум куума ж-а тубаса түрү бар. Н е р в-м у у н Д-и мектеп жашында-гы балдарда кездешип, негизинен нерв системасынын өзгөчөлүгүнөн ж-а организмде зат алмашуунун бузулушунан пайда болот. Геморрагия Д-и каны начар уюма адамдарда жолугат. Дарылоо ага дуушар кылган себептерге ж-а организмдин өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *