ДИАЛЕКТИКА

от2020

Ноя 30, 2020

[гр. dialektike»» (techne)—аңгемелешүү өнөрү дегенден] — жаратылыштын, коомдун ж-а ойлоо- нун жалпы өнүгүш ж-а өзгөрүш закондору ж-дөгү илим, дүйнөнү таануунун методу ж-а теориясы. Д. тууралуу алгачкы ой-пикирлер байыркы грек, рим, инди философторунун эмгектеринде бар. Грек ойчулдары айлана-чөйрөдөгү бардык нерселер, кубулуштар, процесстер бири бири м-н тыгыз байланышып, дайыма кыймылда, өзгөрүүдө (бири жоголсо, экинчиси жаралып), өнүгуүдө турарын байкашкан. Алсак, Гераклиттин ою б-ча бардык нерселерди бир эле мезгилде жашап жатат деп да, жашабайт деп да айтууга болот, анткени алар тынымсыз өзгөрүүдө турат. Дүйнөнү бөлчөктөбөй бир бүтүн кабыл алгандыктан келип чыккан мындай көз караш дүйнөгө жалпы жонунан туура мүнөздөмө берсе да, анын составындагы бөлүктөрүн түшүндүрүүгө жармачтык кылган. Ошол себептен алгачкы Д. стихиялык ж-а үстүрт мүнөздө болгон. Дүйнөнү түзгөн бөлүкчөлөрдү билиш үчүн изилдене турган объектини башкалардан бөлүп алып, өзүнче кароо керек эле. Дал ушундай жол м-н дүйнөнү изилдөөнүн натыйжасында гана табият илими дүркүрө! өнүгө баштаган. Анткени нерселердин ортосундагы байланышты’ билүүдөн мурда ал нерселердин өзү! изилдеп билүү керек. Табият илиминдеги бул жолду Ф. Бэкон ji-i Д. Локк философияда колдонгон. Byj болсо Д-га каршы турган метафиз методдун чыгышына себепкер бол гон. Ойлоонун бул жолун адамда] күндөлүк турмушунда көп пайдала нат. Дүйнөнүн, заттын, кубулушту] бөлүктөрүн бири биринен ажыратьп изилдемейинче алардын сырын би лүүгө мүмкүн эмес. Ошондукта! окуяларды метафиз. жол м-н түшүн ДҮРҮҮ Да керектүү. Бирок мында] түшүнүү бир жактуу болуп калат себеби ар бир нерсени айрым түшүн дүргөнү м-н алайдын ортосундагы жалпы байланышты ж-а процесси түшүндүрүүгө жараксыз. 18-к-дын ортосуна чейин табия илимдери тарабынан көп эмпирияльи материалдар топтолду. Алардын ор тосундагы байланышты тактоо, ,изил дөө керек эле. Бул ишти чечүү жал пы теориялык маселелерди ишти чыгууга, диалек. ой жүгүртүүгө алы келди. Мурдагы түшүнүк б-ча жара тылыштын сапаттуу өзгөрүүгө өтү шү мүмкүн эмес эле. 1755-ж. Кан сунуш кылган небулярдык гипотез бул түшүнүктү жокко чыгарып, бар дык нерселердин тынымсыз кыймыл да боло турганын, азыркы кезден жаратылыш узак убакыттан бери бс луп келе жаткан өзгөрүүлөрдүн на тыйжасы экенин көрсөттү. Диалек. методду биринчи боля идеалисттик негизде немең философ; Гегель иштеп чыккан. Анын Д-а бир орунда катып калган эч нерс жок, жаратылыш, коом ж-а аларды сырын билүүчү илим да эч кача кандайдыр бир чокко барып токтой калбайт, дүйнөдө тынымсыз бир түрдөн экинчи түргө өтүү процесси өкүм сүрөт дейт. Бирок Гегелдин Д-сынын негизги кемчилиги анын идеалисттик мүнөздө болгондугунда, себеби Гегелдин филос. системасынын өзү идеалисттик эле. Ал жаратылыштан мурда кандайдыр бир абс. идея болгон, ал күч (абс. идея) жаратылышты жараткан деп түшүндүргөн. Натыйжада жаратылыштагы болгон өзгөрүүлөрдүн баарын Гегель жаратылыштын өзүнө таандык кылбастан, анын «күчүнө» (абс, идеяга) таандык деп эсептеген. Маркс м-н Энгельс Гегелдин оңкосунан турган Д-сынын идеалисттик чарын алып таштап, аны матер, негизге койду. Маркс, Энгельс мурунку теорияларды түзөтүп гана койбостон, аларды түп тамырынан бери өзгөртүп, филос. рев-я жасашты. Ленин жаңы тарыхый шартта аны андан ары өркүндөттү. Ал Д-нын, логиканын ж-а тааный теориясынын биримдиги ж-дөгү илимди далилдеди. Мына ошондон тартып бардык нерсе-лердеги кыймылдар, өзгөрүүлөр жаратылыштын өзүнө таандык деген матер, диалек. түшүнүк келип чыкты. Д. объективдүү ж-а субъективдүү деп экиге бөлүнөт. Объективдүү Д. жаратылышта ж-а коомдо адамдын аң-сезиминен тышкары ж-а ага көз карандысыз жашайт. Объективдүү Д-нын адамдын аң-сезиминде чагылышы субъективдүү Д-ны түзөт. Д. бардык илим колдонгон жалпы метод гана болбостон, ошону м-н бирге жаратылыштын, коомдун ж-а ойлоонун өнүгүшүнүн жалпы закондору н үйрөткөн өзүнчө теориялык илим да болуп саналат. Матер. Д. закондор ж-а категориялар системасынан турат. Анын закондору булар: карама-каршылыктардын биримдигинин жана күрөшүнүн, сан жагынан өзгөрүү-лөрдөн сапаттык, өзгөрүүлөргө өтүү (сандан сапатка өтүү) ж-а танууну таныш закондору. Карама-каршылыктардын биримдигинин ж-а күрөшүнүн закону өнүгүүнүн ички себебин ачып көрсөтөт. Күрөшсүз өнүгүүнүн болбостугун, күрөштүн натыйжасында эски өлүп, анын ордуна жаңы пайда боло турганын далилдейт. Ошондуктан В. И. Ленин бул законду Д-нын өзөгү, ядросу деп атаган. Жаңы сапаттын пайда болушу сандык өзгөрүүлөрдүн топтолушунун натыйжасында келип чыгат. Муну көрсөткөн Д-нын экинчи закону өнүгүүнүн кандайча формада боло турганына жооп берет. Танууну таныш закону болсо, өнүгүүнүн багытынын кандайча болуп өсөрүн көрсөтөт. Ошентип, Д-нын бул закондору бир эле өнүгүү процессинин ар түрдүүлүгүн түшүндүрөт. Маркс, Энгельс, Ленин дүйнөнү таануунун, аны рев-ячыл жол м-н өзгөртүүнүн куралы Д. экенин далилдеш™. Таанып би-лүүнүн диалек. методу рев-ячыл бо- луп, практикага таянат, эскирип, тарыхый прогресске тоскоол болгондордун баарын жок кылуунун зарылдыгын көрсөтөт. Д. догма эмес, ал ишке жетекчи, жол көрсөтүүчү; коом өзгөргөн сайын жаңы сапатка ээ ‘ болуп, өзү да өзгөрүп отурат.

Ад.:   Марко К., Капиталдын 1-тому үчүн соңку сез, Маркс К., Энгельс Ф., Танд. чыг., 1-т., Фр., 1959; Энгельс Ф., Диалектика природы, Маркс К., Энг е ль с Ф., Соч., 2 изд., т. 20; его ж е, Анти-Дюринг, Фр., 1964; ошонуку, Людвиг Фейербах жана классикалык немец философиясынын акыры, Маркс К., Энгельс Ф., Танд. чыг., 2-т., Фр., 1960; Ленин В. И., Материализм жана эмпирокритицизм. Чыг., кырг. 1-бас, 14-т.; ошонуку, Философиялык дептерлер, ошондо эле, 38-т., Кедров Б. М., Единство диалектики, логики и теории познания, М., 1963.

от 2020