— марксизм-ленинизмдин философиясы, ил. көз караш, дүйнөнү таанып билүүнүн жалпы (орток) методу; жаратылыштын, коомдун ж-а аң-се-зимднн өнүгүшү ж-а кыймыл-аракет-теринин жалпы закондору ж-дөгү илим. Д. м-ди Маркс ж-а Энгельс түзүп, Ленин ж. б. марксчылдар өнүктүргөн, ал 19-к-дын 40-жылдарында пайда болуп, рев-ячыл жумушчу кыймылынын практикасы ж-а илимдин жетишкендиктери м-и тыгыз байланышта өнүккөн. Анын Д. м. дөп ата-лышынын себеби дүйнөнү үйрөнүү методу диалектикалык, ал эми аны түшүндүрүү теориясы материалисттик болгондугунда. Д. м-дин пайда болушу философиянын тарыхында чыныгы рев-ялык бурулуш болду. Анткени ал мурдагы материалист-тердин кемчилигин жоюп, материа-лизмди дагы жог. деңгээлге көтөрдү. Мурдагы материалисттердин негизги кемчилигинин бири алардын мажес болушунда эле. Бул байыркы грек философиясына мүнөздүү. Алар дүйнөнү түзгөн эң алгачкы нерсени издешип, дүйнө от, суу, аба, темир ж. б-дан пайда болгон деп түшүндү-рүшкөн. Бул ил. түшүнүк эмес, ошондуктан мажес деп аталган. Мурдагы материалисттердин экинчи кемчилиги алардын көз караңгынын мех. мүнөздө болушунда. Анткени 18-к-га чейинки илимдердин ичинен механика мурда өсүп жетилген, адамдар жаратылыштагы, коомдогу ж-а ой-лоодогу бардык кубулуштардын өсүп-өнүгүшүн механиканын гана закондору м-н түшүндүрүүгө аракеттенишкен. Механиканын закондору дүйнөнү таанып билүүдө жетишсиз экенин алар түшүнбөгөн. Мурдагы материализм метафиз. методду пайдаланган-дыктан дүйнөдөгү нерселерди, кубулуштарды бири бирине байланышсыз караган. Дүйнөнүн сырын билүүдө ар нерсени өз бет алдынча кароо жетишсиз. Анткени дүйнө ар кандай бөлүкчөлөрдөн гана турбастан, алардын ортосундагы закондуу бай-ланыштардан да турат. Бул байланышты метафизика түшүндүрө албайт. Ошондуктан ал — бир жактуу гана метод. Аны колдонгон материализм метафиз. деп аталат. Маркс м-н Энгельс гана филос. материализмди түзүп, аны диалек. метод м-н бирик-тирди. Натыйжада материализм диалектикалык болду. Д. м. ар бир нерсени байланышта карайт. Д. м. — баарынан мурда матер, философия, анткени ал философиянын негизги маселесин матер, жол м-н чечет. Мурдагы материализмден мунун дагы бир айырмасы — диалектиканы пайдаланып жаратылышты, коомду матер, жол м-н түшүндүрүүгө чейин жеткизгендигинде. Д. м-дин жоболорун коомго колдонуу м-н Маркс, Энгельс тарыхый материализмди түзүшкөн.Д. м.— материя м-н аң-сезим ж-дө-гү филос. илим. Ал материяны аң-сезимге караганда алгачкы, ага көз каранды эмес деп эсептейт. Ошондуктан материя деген гносеологиялык түшүнүктү нерселер ж-дөгү онтология илими м-н чаташтырууга болбойт. Мындай чаташтыруу өткөн кылымдын акырында ж-а биздин кылымдын башында «физикалык» идеа-лизмдин чыгышына алып келди: мех. түшүнүктүн жактоочулары бөлүнбөс жөнөкөй атомду материя деп зсептешип, аны дүйнөнү кургап эң алгач- кы бөлүкчө катарында карашкан; электрон м-ы радиоактивдүү нурлар-дын ачылышы атом ж-дөгү мурдагы түшүнүктү өзгөртүп, .анын татаал түзүлүш экендигин, анын өзгөрөрүн көрсөттү. Алар «атом жоголду», натыйжада «материя да жоголду» деген корутунду чыгарышкан., Д. м-дин пайда болушу м-н мурдагы баамдама (созерцательный) материализмдин кемчилиги айкындалды. Мурда тышкы дүйнө адамдын мээсине тикеден тике чагылат деген түшүнүк чыгып, рев-ячыл практиканын мааниси көмүскө калган. Марксизм теория м-н практиканын айкалышын теориялык жактан далилдеп, практикага ашырды. Марксчил философиянын мурунку филос. системалардан кескин айырмасы, анын идеясынын эл массасына сиңип, реализация болгондугунда. Д. м. рев-ячыл жумушчу табынын көз карашынын теориялык негизи катары пайда болот. Д. м-ди өнүктүрүүдө ж-а ар кандай бурмалоолордон сактоодо, о. эле аны коммунисттик курулуштун практикасына киргизүүдө коммунисттик ж-а жумушчу партияларынын теориялык, практикалык иши чоң роль ойнойт. Азыркы мезгилде Д. м.— көп өлкөнүн марксчыларынын чыгармачыл ишинин натыйжасы.

Ад.:   Марко К., Энгельс Ф., Коммунисттик партиянын манифести, Эки томдук танд. чыг., 1-т.; Маркс К., Фейербах жөнүндө тезистер, ошондо эле, 2-т.; Энгельс Ф., Диалектика природы, Соч., 2 изд., т. 20; его ж е, Анти-дюринг, Фр., 1964; Ленин В. И., Материализм жана эмпириокритицизм, Чыг., кырг. 1-бас, 14-т.

от 2020