— жаратылыштын, коомдун ж-а ойлоонун өсүшүнүн жалпы закондору ж-дөгү илим. Д. л. логика илиминин бир тармагы, ал формалдык (трансцен-денттик), матем. (символикалык) ло-гикадан турат. Логиканын бул үч тармагы ойлоонун кайсы за-конун өзүнүн предмети кылып алгандыгы м-н айырмаланат. Булардын ичинен эң жөнөкөйү — формалдык логика. Жаратылышта, турмушта бардык нерселер, окуялар бири бири м-н байланышта, кыймылда тургандыктан формалдык логиканын предмети аны толук түшүндүрө албайт. Ошондуктан аларды туура чагылдыра турган Д. л. келип чыккан. Ал ойлоонун закондорун дайыма өзгөрүүдө ж-а өсүүдө деп карайт. Д. л-нын алгачкы идеялары байыркы грек философтору Платон, Аристотель, Гераклиттен башталат, бирок алардын Д. л-сы стихиялуу болгон. Андан кийин Декарт, Бэкон, Лейбниц, Кант ж. б. Д. л-нын жаңы идеяларын улантып, формалдык логика ойдун закондорун толук түшүндүрүүгө жетишсиз экендигин белгилешкен. Биринчи, болуп Д. л-нын идеяларын туура түшүнүп, өзүнчө системалуу илим катарына кошкон—немең философу Гегель. Бирок анын Д. л-сы идеалисттик негизде курулган. Д. л-га болгон филос. бардык ойлорду сын көз м-н карап, аны матер, жол м-н түшүнүп, тактап негиздеген Маркс м-н Энгельс болгон. Алар Гегелдин Д. л-сын эң жогору^, баалап, анын илимин абс. духтан^тазалагая. Тышкы дүйнө м-н адамдын ортосунда түздөн түз байланыш болот деген баамдама мате-риализмдин кемчилдигин жоюп, Маркс м-н Энгельс рев-ячыл практиканын ролун иштеп чыккан. Маркс-тик түшүнүк б-ча формалдык логика ойлоонун формасын өзүнүн объектиси кылып алат да, анын мазмунуна, өнүгүшүнө көңүл бурбайт, ал эми Д. л. болсо ойлоонун логикалык формасын анын мазмуну ж-а тарыхый өнүгүшү м-н байланышта карайт. Ал таанымда ил. методдун ролун .-аткарат, өсүштүн процесстеринде заттардын ж-а ойлордун диалек. кара-ма-каршылыктарын талдап ачуу аркылуу формалдык ж-а матем. логи-кадан айырмаланат. Д. л. диалектиканын категорияларынын системасын кошо камтып, алардын өз ара байланышын ж-а тынымсыз бир катего-риядан экинчи категорияга өтүшүн изилдейт. Д. л.— ой-пикирлердин сырттан ичине, кубулуштай маңызга, абстракттуулуктан конкреттүүлүккө өсүү закону. Д. л-нын милдети — философиянын ж-а бардык конкреттүү илимдердин, көркөм чыг-лыктын жыйышыктарына таянып, логикалык формаларды, таанымдын закондорун, ил. теорияны түзүүнүн ыктарын ж-а анын өсүшүнүн закон ченемдерин изилдөө, таанымдын тарыхый түзүлгөн методдорун ж-а мүмкүнчүлүгүн ачуу, аны колдонуунун чектерин ж-а жаңы методдорун анализдөө. Д. л. философиянын негизги маселесин туура чечет. Ал идеалисттердин көз караңгынын туура эместигинин бетин ачып, бурж. философияны төгүндөйт.

Ад.:  Ленин В.И., Философиялык дептерлер, Чыг., кырг. 1-бас, 38-т.; Р о-зенталь М. М., Принципы диалектической логики, М., 1960; К о пни н П. В., Диалектика как логика, К., 1961.

от 2020