— составында азоту бар орг. бирикмелер, жалпы формуласы: Ar—N=NX (мында Ат— ароматтуу же гетероциклдүү радикал; Х — күчтүү кислоталардын калдыгы: HS04, CI, BF4 ж. б.). Д. т.— түссүз же саргыч, сууда жакшы өрүүчү катуу заттар; реакцияга оңой киргендиктен катуу ж-а эритме түрүндө узакка сактоого болбойт. Катуу абалдагы Д. т. Хдйазонийдин бор-фторидинен башкасы) жарылгыч келет. Туруктуу кургак Д. т. кош туз түрүндө алынышы мүмкүн. Алар күчтүү кислотанын чөйрөсүндө ароматтуу аминдерге NaN02 таасир этүүдөн алынат: C6H5NH2-j-NaN02+2HCl-^- -^C6H5-N=NcT+NaCl + 2H20. Д. т. азобоёкторду алууда колдонулат. ДИАЗОТТОО — биринчилик аромат-‘ туу аминдерге нитрит к-тасын таасир этин (минералдык к-талардын НС1, H2S04, HNO3 катышуусу м-н) диа-зобирикмелерди алуу реакциясы: NaN02, HC1 + C6H5NH2—————-* [C6H5-N=N]C1. Д. ароматтуу катардагы көп сандаган бирикмелерде өзгөчө азобоёкторду синтездөөдө кеңири колдонулат. ДИАЛЕКТ (гр. dialektos — сүйлөшүү, говор, наречие) — жалпы элдик тилдин бир тармагы, белгилүү бир аймакта жашаган калктын сүйлөө тилиндеги жерг. өзгөчөлүк. Бир тилдеги жерг. айырмалар — терр-ялык Д., анын ичиндеги майда бөлүгү — айтым (говор), ал экөөнөн чоңу наречие деп аталат. Алар жалпы элдик тилдин составына кирет. Д.— адабий тилди байытуучу ички булак. Д-илик айырмалар тилдин тыбыштык түзүлүшүндө, грамматикасында, лексикасында учурайт.

от 2020