ДИАГЕНЕЗ

от2020

Ноя 30, 2020

 (гр. diagenesis — кайра жаралуу) — суу түбүндөгү борпоң чөкмөлөрдүн катуу тоо тектерге айлануу процесстери. Терминди 1888-ж. немец геологу В. Гюмбель сунуш кылган. Акад. Н. М. Страховдун ою б-ча Д. уч этаптан турат. 1. Борпоң чөкмө лөр калыптанып тунган соң аларда кычкылдануу процесси жүрөт. Бул процесс жүргөн зонанын калыңдыгы бир нече мм ден 20 см ге чейин гана болот. 2. Убакыт өткөн сайын кычкылдануу кайра жаралуу процесси м-н алмашылат. Чөкмөлөрдөгү мине-ралдар туруктуу абалга өтүп, алардын диагенездик минералдар деп аталган жаңы түрлөрү (пирит, мар-«казит, галенит, сфалерит, халькопирит) пайда болот. Тунма катат. 3. Минералдар’ физ. өзгөрүүлөргө учурап, тоо тек катуу абалга өтөт. Д-дии натыйжасында борпоң шагыл таштардын ордуна конгломерат-тар түзүлөт, кум кумдукка, ылай чопого ж-а аки таш тегине айланат. Д-ден чөкмө тоо тектерде коргошун, жез, темир ж. б-дын да ири кендери пайда болот. Буга Кырг-ндагы Сумсар ж-а Жыргалаң коргошун кендери мисал.

Ад.:   Страхов Н. М., Диагенез осадков и его значение для осадочного ру-дообразования, «Изв. АН СССР. Серия геологическая», 1953, №_5.

от 2020