ДЕҢИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ

— деңиз, океан түбүндө чөкмөлөрдүн жыйылышынан пайда болгон тоо тек катмарлары. Алар кургактыктан дарыя агымы, шамал, жээктердеги суу толкуну м-н сүрүлүп келген заттардан, деңизде жашаган организм калдыктарынан, хим. жол м-н пайда болгон минерал-лардан ж-а суу астындагы жанар тоо бүркүндүлөрүнөн түзүлөт. Д. ч-ндөгү бөлүкчөлөр: терриген (тоо тектердин талкаланып үбөлөнүшүнөн), биоген (деңиз организмдеринин скелет ж-а кабык калдыктарынан) ж-а хемо-гендик (деңиз сууларында туздар-дын чөгүшүнөн же деңиз түбүндө жүргөн хим. процесстерден) жолдор м-н пайда болот. Пайда болуу тереңдигине жараша литораль, нерит, батпаяк ж-а абиссалдык чөкмөлөр болуп бөлүнөт. Мех. составы б-ча Д. ч. кум, ылайлуу кум, алевролит ж-а ылайлардан турат. Д. ч. диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектерге айланат. Кырг-нда байыркы Д. ч. геол. мезгилдердин (мезозой ж-а кайнозой замандарынан башка) дээрлик бардыгында кеңири таралган. Алар м-н Тянь-Шанда темир, марга- нец, коргошун, пирит, фосфорит, боксит, нефть ж-а газдын кендери байланыштуу.

Ад.:   Страхов Н. М., Основы теории литогенеза, т. 1—З, М., 1962; Швецов М. С, Петрография осадочных пород,’3 изд., М.— Л., 1958; Крашенинников Г. Ф., Учение о фациях, М., 1971.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *