ДЕҢИЗ ТОЛКУНДАРЫ

 — кокусунан болуп туруучу күчтөрдүн (абанын басымы, шамал, жер титирөө) же Күн ж-а Айдын суу ташкынын пайда кылуучу тартуу күчүнүн таасири м-н океан, деңиздердеги суунун тер-мелүү кыймылы. Толкундар суу бетинде биринин артынан бири төө өркөч болуп кыймылдайт. Толкундун эң төмөнкү бөлүгү — негизи, эң жог. чекити — кыры, кырынан негизине чейинки аралык — анын бийиктиги, эки толкундун ортосу — узундугу, ал эми толкундун узундугуна барабар аралыкты өтүүгө кеткен убакыт — анын мезгили, белгилүү убакыт бирдигинде (сек) өткөн аралык — толкундун ылдамдыгы деп аталат. Д. т-нын көлөмү ар түрдүү: кээде анын бийиктиги 12—13 м, деңиз титирегенде 50 м, таралыш ылдамд. 14—15 м/сек, уз. 400 м ге чейин жетет. Таасир эткен күчтөргө карата толкундар шамал, ташкын, сейсмдик, басымдык Д. т.; ээлеген абалына карай үстүнкү ж-а терецдиктеги Д. т.;, толкун узундугунун деңиздин тереңдигине болгон катышы б-ча узун ж-а кыска Д. т.; таасир эткен салыштырма күчтөргө жараша аргасыз ж-а эркин Д. т-на бөлүнөт. Формасы ж-а аянты б-ча туура ж-а туура эмес, умтулган ж-а ордунда турган Д. т. болот. Толкундарды изилдөө атайы куралдардын, приборлордун (мореграф ж. б.) жардамы м-н кемеде, деңиз жээктеринде жүргүзүлөт. Кээ бир өлкөлөрдө тол-кундардын энергиясына негизделгеҢ электр станциялар курулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *