ДЕҢИЗ ТАШКЫНЫ ЖАНА ТАРТЫЛЫШЫ

— Күн м-н Айдын тартуу күчүнүн таасиринен деңиз деңгээлинин мезгил-мезгили м-н кескин көтөрүлүп ж-а төмөндөп турушу. Ай ж-а Күн бир сутканын ичинде 2 жолу деңиз ташкыны м-н тартылуусун пайда кылат. Дүйн. океанда ташкындоо-нун 3 түрү болот: жарым сутка-л ы к ташкындоо — ай суткасынын ичинде (24 с 50 мин) 2 жолу суунун толушу ж-а 2 жолу суунун азайышы; суткалык ташкындоо — ай сут-касында 1 жолу суунун толушу ж-а 1 жолу суунун азайышы; аралаш ташкындоо — жог. экөөнүн ортосундагы ташкындоо. Акыркысы жарым суткалык туура эмес (ай суткасынын ичинде бири биринен кескин айырмаланган 2 жолу ташкындоо ж-а тартылуу болот) ж-а суткалык туура эмес (кандайдыр бир жерде Айдын эңкейиш бурчу эң чоң болгондо суткалык ташкындоо, ал эми Ай экватор аркылуу өткөндө ошол эле жерде жарым суткалык ташкындоо болот) ташкындоо болуп экиге бөлүнөт. Жарым суткалык ж-а жарым суткалык туура эмес ташкындоо көбүрөөк болуп турат. Ташкын-доонун бийикт. ачык океанда 1 м ден ашпайт, бирок тар кысыктарда, булуң, бухталарда 14—16 м ге жетет. Д. т. ж. т-нан деңиз толкундары ж-а деңиз агымдары пайда болот. Ташкындоо деңиз транспортуна кыйынчылык келтирет. Ошондуктан кеме жолдору үчүн ташкындоо кайсы убакта, канча бийиктикте болорун алдың ала белгилеген көрсөтмөлөр чыгарылып турат. Кээ бир өлкөлөрдө (СССРде Кола ж. а-нда, Францияда) деңиз ташкындарынын күчү м-н иштөөчү электр станциялары курулган.

Ад.:   Шулейкин В. В., Физика моря, М., 1953; Бончковский В. Ф., Внутреннее строение земли, М., 1963.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *