ДЕҢИЗ КИРПИЛЕРИ

(Echinoidea) — омурткасыз деңиз жаныбарлардын ийне терилуулөр тибиндеги классы. Денесинин формасы шар, конус, жумуртка, диска сыяктуу, чоңдугу 30 см ге чейин. Сырты калкан м-н капталып, анда кыймылдуу ийнелери бар. Д. к. ийнелеринин ж-а бутчаларынын жардамы м-н кыймылдап, оозунун тегерегиндеги тери бакалоорлору аркылуу дем алат. Айрым жыныстуу, көбү жумуртка, кээ бири тирүү тууйт. Балырларды, майда жаныбарларды жейт. Жер жүзүндөгү океандарда 800, СССРде 40ка жакын түрү таралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *