(фарсча дешт—чөл, лут —жылаңач) — Иран тайпак тоосунун борб. бөлүгүндөгү чөл. 200 м ден 500—1000 м ге чейинки бийикте жайгашкан, таманы жалпак туюк ойдуң. Уз. 550 км ге жакын, туурасы 100— 200 км. Жеринин бети чопо, айрым бөлүгү шагылдуу, түштүгү ж-а түш.-чыгышы кумдуу. Оазистерде көбүнчө курма пальмасы өсөт.