ДЕФО Даниель

от2020

Ноя 30, 2020

(1660-ж. чен —26. 4. 1731) — англ. жазуучу ж-а публицист. Диссентер коллежин бүтүргөн. Яков IIге каршы герңог Монмауттун козго-лоңуна катышып, 1688—89-жылдагы «Даңктуу революция» деп аталган мамл. төңкөрүштү жактаган. «Таза кандуу англис» (1701) аттуу сатиралык ыр ж-а «Диссентерлерди жазалоонун эң оңой жолу» (1702; бул чыгарма үчүн камакка алууга өкүм чыгарылган) памфлетиндө ак сөөк-төрдү, фанатизмди ашкерелесе, «Долбоордун тажрыйбасы» (1697) сыяктуу чыг-ларында бурж. прогрессти кубат-таган. 1720—22-ж. Д. «Жигиттин аңгемеси», «Капитан Сингльтон», «Полковник Жактын тарыхы» деген романдарды жазган. Укмуштуу окуялуу романдарынын ичинен «Молль Флен-дерс» (1722) ж-а «Робинзон Крузо» (1719) айрыкча белгилүү. Робинзон ж-дөгү романды Ж. Ж. Руссо м-н Л. Толстой жогору баалаган. Д-нун айрым чыг-лары («Робинзон Крузо- нун укмуштуу окуялары», 1964 ж. б.) кыргызчага которулган.

Ад.:   н е р с е с о в а М., Д. Дефо, М., 1960.

от 2020