ДЕФОРМАЦИЯ

(лат. deformatio — бузулуу) — нерсенин бөлүкчөлөрүнүн козголушунан алардын аралыктары-нын салыштырмалуу өзгөрүшү. Д-ланганда нерсенин атомдорунун аралыктары ж-а серпилгич чыңалуунун чени болгон атом аралык күчтүн чоңдугу да өзгөрөт. Д-нын жөнөкөй түрлөрү: созулуу, кысылуу, жылытуу, ийилүү, толгонуу. Көп учурда бир нече Д. бир убакта болот. Нерсенин ар бир чекитинин которулуу вектору белгилүү болсо, анда анын Д-сы толук аныкталат. Катуу заттагы Д. катуу нерселердин физикасында, ал эми Д-нын кыймыл ж-а чыңалуусу серпилгич ж-а пластика теориясында изилденет. Д-ланган нерселердин көлөмү ж-а формасы өзгөрөт. Катуу нерселердеги Д-лар фазалык айланууда көлөмүнүн өзгөрүшүнөн, жылуулуктан кеңейүүнүн натыйжасында, магнит, электр талааларынын ж-а тышкы мех. күчтөрдүн аракеттенүу-лөрүнөн пайда болот. Д. серпилгич ж-а пластикалык түрүндө кезигет. Нерсеге тышкы күчтүн аракети ток-тотулганданкийин Д.жоголсо — серпилгич Д., жоголбосо пластикалык Д. делет. Бардык катуу нерселер да пластикалык касиетке ээ. Күч белгилүү чоңдуктан ашканга чейин катуу нерселердин көпчүлүгү серпилгич катары каралат. Нерсенин темп-расына, күч-аракетинин узакты-гына ж-а Д-нын ылдамдыгына жараша пластикалык Д-нын жаратылышы ТҮРДҮҮЧӨ болот. Туруктуу күч коюл-ганда, нерсенин Д-сы убакыт өтүү м-н өзгөрөт. Бул кубулуш материалдардын агуучулугу деп аталат. Темп-pa жогорулоо м-н агуучулуктун ылдамдыгы чоңоет. Агуучулуктун айрым түрү релаксация ж-а материалдын серпилгичтигинин соңку аракети деп аталат. Релаксация — өзгөрүлбөс Д. кезинде убакыт өтүү м-н нерселердеги ички чыңалуунун өзүнөн өзү азайыш процесси. Туруктуу чыңалууда нерседеги Д-нын өзүнөн өзү көбөйүп! процесси — соңку аракет. Пластикалык Д-нын механизмин тү-шүндүрүүчү теориянын бири — крис-таллдагы дислокация теориясы.

Ад.:   Безухов Н. И., Основы теории упругости, пластичности и ползучести, М., 1968; Р е й н е р М., Деформация и течение, пер. с англ., М., 1963.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *