ДЕФОЛИАНТТАР

(де… ж-а лат. folium — жалбырак) — өсүмдүк жалбырагын түшүрүүчү хим. заттар. Изилдөөчүлөрдүн маалыматтарына караганда өсүмдүктө этилен Д. пайда болот да, жалбырак өзүнөн өзү түшөт. Хим. заттардан бутифос м-н мер-фосту колдонуу жакшы натыйжа берет, бирок алардын жыты сасык ж-а жаныбарларды ууктурат. Хлорит натыйжалуу болгону м-н кеч таасир тийгизет. Д-ды чачканда жалбырактын 70—95% түшүп, калганы куурайт. Д. гозо жалбырагын түшүрүүдө көп пайдаланылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *