(лат. _defectus — кемчилик ж-а гр. skopeo — карайм, байкайм) — материалдар м-н буюмдарды бүлдүрбөстөн кемчиликтерин табуу үчүн колдонулуучу методдордун, каражаттардын комплекси. Буга методдорду ж-а аппаратураны иштеп чыгуу, текшерүүнүн методикасын түзүү ж-а дефектоскоптун көрсөткөндө-рүн иштетүү кирет. Буюмдарды даярдоодо технологиянын өркүндөтүлбө-гөндүгүнүн ж-а аларды оор шарттарда пайдалануунун натыйжасында ал буюмдарда кетирилген кемчиликтер (материалдын бир тектүү эместиги, хим. составынын, структурасынын каалагандай болбогондугу) материалдын физ. касиеттерин (тыгыздыгын, электр өткөргүчтүгүн, магниттик ж-а сершшгичтик касиеттерин ж. б.) өзгөртөт. Д-да мына ушул кемчиликтер текшерилет ж-а аныкталат. Мында колдонулуп жаткан методдор материалга рентген, инфракызыл, ультракыз-гылт көк ж-а гамма нурларды, радио толкун, ультраүн термелүүлөрү, магнит ж-а электр талаалары м-н таасир этип, ал материалдын физ. касиеттерин изилдөөгө негизделет. Бул үчүн рентген, гамма, радио, инфракызыл нурдук, магниттик, электроиндукңия-лык, термоэлектрдик, трибоэлектрдик, электростатикалык, ультраүн, капил-лярдык Д-лардын методдору колдонулат. Д-нын эң жөнөкөй методу — көз Ж-а оптикалык прибор (лупа ж. б.) м-н карап текшерүү. Материалдын ички түзүлүшүн кароо үчүн призма-луу, жарык берүүчү ж-а телекөрсө-түү түтүгү пайдаланылат. Материалдын кемчилигин аныктоо үчүн дефектоскоп (кемчиликти аныктоочу) колдонулат. Алар текшериле турган материалдын түрүнө, хим.-физ. касиеттерине жараша ар түрдүүчө жасалат.

Ад.:  Ш р а й б е р Д. С, Ультразвуковая дефектоскопия, М., 1965; Дорофеев А. Л., Электроиндуктивная (индукционная) дефектоскопия, М., 1967.

от 2020