ДЕТРОИТ

 — АКШнын түндүгүндөгү шаар, Мичиган штатында. Гурон ж-а Эри келдөрүнүн ортосунда, Детройт д-нын оң жээгинде. Калкы 1511,5 миң (1970, чет жакасындагыларды кошкондо 4,2 млн). Өлкөнүн маанилүү транспорт тоому. АКШдагы автомобиль ө. ж-нын эң ири борбору, дүйнөдө машинаны эң көп чыгаруучу шаар. Д-то ж-а анын чет жакасында амер. автомобиль монополияларынын («Же-нерал моторе», «Форд», «Крайслер») ири з-ддору ж-а лабор-ялары жайгашкан. Автомобиль ө. ж-на байланыштуу кара металлургия, металл ж-а пластмасса иштетүү, айнек, боек, подшипник чыгаруу өнүккөн. Танк, аскер-транспорт куралдары чыгарылат. Ун-ттер, иск-во ин-ту, театрлар ж-а музейлер бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *