ДЕРКЕМБАЕВА Ирина Григорьевна

(25. 12. 1927-ж. т., РСФСР, Иркутск обл., Нукут р-ну, Үңкүрдүн улусу) — опералык ырчы (сопрано), Бурят АССР (1958), Кыргыз ССР (1967) эл артисти. Москва консерваториясынын вокалдык ф-тетин проф. В. Ф. Рож-дественскаянын классынан бүтүргөн (1952). 1942—44-ж. Улан-Удэде балерина, 1952-жылдан Кыргыз мамл. академиялык опера ж-а балет театрынын солисткасы, КМИИде 1975-жыл-даэ ырдоо адистиги б-ча сабак берет. Д. Микаэла (Визе, «Кармен»), Маргарита (Гуно, «Фауст»), Ольга (Даргомыжс кий, «Суу периси»), Маженкин (Сметана, «Сатылган колукту»), Оксана (Чайковский, «Черевички») ж. |Щ^ б-дын партияла-рын кыргыз сах- И. Г. Деркембаева. насында аткарган. Улуттук операларда Айчүрөк, Калыйман ж-а Канайым, Тотуя м-н Валентинанын (Власов, Малдыбаев, Фере, «Айчүрөк», «Манас», «Токтогул»), Апалдын (Абдраев, «Жаш жүрөктөр»), Сонундун (Аманбаев, «Бойдоктор») партиясын ырдаган. Д-нын репертуарында кыргыз, орус, бурят, украин эл ырлары, композиторлордун вокалдык чыг-лары бар. Жеке концерт , м-н союздаш респ-калар-дын дээрлик бардыгында ж-а: Индия, Индонезия, ГДР, Польша, Монголия ж. б. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Канадада өткөрүлгөн «ЭКСПО-67» эл аралык көргөзмөнүн Кырг-н күндөрүнө катышкан. Д.— 1951-ж. Берлинде өткөн жаштар ж-а студенттердин бүткүл дүйн. фестива-льшын, Москвада өткөн вокалисттер-дин Бүткүл союздук (1956) конкурсу-нун лауреаты. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *