ДЕРВИШ АЛИ

 (т. жана ө. ж. белгисиз) — 17-к-дын 1-жарымында жашаган тажик илимпозу, муз. теоретик. «Музыка жөнүндөгү трактат» деген эмгегинде музыканын келип чыгышы, анын адамдын жан дүйнөсүнө берген ырахаты ж-дө талдоо жүргүзүп, ритм ж-а лад тууралуу жазган, 15—16-к-дагы муз. аспаптар м-н О. Азия музыканттары ж-дө маалымат берген. Ал жазып калтырган эмгектер ил. ж-а тарыхый мааниге ээ.

Ад.:   Семенов А. А., Средневековый трактат по музыке Дервиша Али, Таш., 1946.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *