ДЕРАТИЗАЦИЯ

 (фр. deratisation, де…, rat—келемиш) — жугуштуу оору (чума, туляремия, лейшманиоз ж. б.) таратуучу кемирүүчүлөрдү жок кылуу. Д. элдүү пункт, корабль, самолёт, талаа, чөл ж-а токойлордо жашаган ке-мирүүчүлөргө каршы жүргүзүлөт да профилактикалык ж-а жоготуучу Д. болуп бөлүнөт. Профилактикалык Д-да келемиштердин азыгы м-н ийини жок кылынат; азык-түлүк ящик, шкаф ж. б-да сакталат. Терезе тордолуп, тешик бутөлөт. Жоготуучу Д-ны ар бир мекеме, ишкана жыл бою жүргүзүүгө милдеттүү. Аны эпидемиялык станциялар, вет. адистер жүргүзөт. Д. үчүн биол., хим. методдор колдонулат.

Ад.:   Вашков В. И., Дезинфекция, дезинсекция и дератизация, М., 1956.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *