ДЕПУТАТТАР ТОБУ

 —чектеш шайлоо округдарынан шайланган депутат советтеринин биримдиги. Д. т. шайлоочулар арасында биргелешип иш жүргүзүү максатында түзүлүп, Советтерге өз милдеттерин аткарууда көмөк көрсөтөт ж-а Советтердин чечимдерин эмгекчилерге түшүндүрүп турат; соц. мелдешти уюштурууга катышып, эмгекчилерге өндүрүштүк тапшырмаларды ж-а милдеттенмелерди аткарууга багыт берет; элдүү пункттарды жашылдандырып таза кармоого, бала бакча, ясли, мектеп иштерин жакшыртуу жагына жардам кылат; шайлоочулардын на-каздарын аткаруу б-ча чаралар белгилеп, аларды ишке ашырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *