ДЕМОКРИТ

(460-ж.—б. з. ч. 370-ж. ченде) — байыркы грек философ-ма-териалисти, атомизмдин эц алгачкы өкүлдөрүнөн. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ал Азия ж-а Африканын көп өлкөлөрүндө болуп, өз доорунун атактуу философторунан (Левкипп, Сократ, Анаксагор ж. б.) сабак алган. Филос. эмгектери м-н катар илимдин ал кездеги бардык тармактары б-ча көп изилдөөлөрүнүн ичинен ЗООдөй фрагменти бизге жеткен. Д-тин матер, окуусунун негизин атомизм түзгөн. Ал баарын атом м-н боштук түзөт деп, алар аркылуу дүйн. кубулуштарды түшүндүргөн. Атом — эч нерседен жаралбаган, жо-голбогон, сырткы таасирге баш ийбеген, боштукка карама-каршы, бө-лүнгүс түбөлүк нерсе. Д-тин окуусунда ал физ. касиетке ээ эмес, өзүнчө бир геом. тело. Д. материянын чексиз бөлүнүшүн танган. Сезүү органдары аркылуу кабыл алууну билимдин жападан жалгыз булагы деп эсептеген. Д.— коомдук көз карашы б-ча кул ээлик демократиянын идеологу. Д-тин атомисттик окуусу грек фи-лософиясынын матер, салтын улантуу м-н философиянын өсүшүнө зор таасир тийгизген. К. Маркс аны «грек-терДин ичинен чыккан биринчи энциклопедиялык билимдүү адам» деп баа берген (Маркс К., Энгельс Ф., Соч., 2 изд., т. 3, стр. 126). В. И. Ленин философиянын тарыхында матер, линиянын өсүшүн «Демо-криттин линиясы» деп атаган (Чыг., кырг. 1-бас, 14-т., 138-6.).

Ад.:   Маркс К., Энгельс Ф., Из ранних произведений, М., 1956; Лурье С. Я., Демокрит, М., 1970.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *