ДЕМОКРАТИЯ

 (гр. delnos — эл, kra-tos — бийлик) — эл бийлиги, бийлик элдин колунда болгон саясий түзү- лүш, мамлекет формасы. Д-нын негизги шарты — азчылыктын көпчүлүккө баш ийүү принцибинин ишке ашырылышы. «Демократия деген азчылыктын көпчүлүккө баш ийишин тааный турган мамлекет, башкача айтканда бир таптын экинчи тапка, калктын бир бөлүгүнүн экинчи бөлүгүнө системалуу түрдө зордук көрсөтө турган уюму» (Ленин В. И., Чыг., кырг. 1-бас, 25-т., 514-6.). Д.— коомдогу бийлөөчү таптын үстөмдүгү м-н тыкыс байланыштуу, коомдун өсүшүнө ж-а социалдык-экон. формация-лардын алмашылышына жараша өзгөрүп туруучу тарыхый кубулуш. Кул ээлик демокр. мамлекеттердин классикалык үлгүсү Байыркы Афины м-н Римде пайда болгон. Афины мамле-кетин Элдик чогулуш башкарып, ага элдин азчылыгын түзгөн кул ээлери гана катышкан. Римдин Элдик чогу-лушуна, Сенатына патрицийлер (ак сөөктөр) добуш м-н шайланган. Бул доордогу Д. кул ээлеринин Д-сы болуп, кул ээлери бийлик кылган. Кулдар саясий ж. б. укуктарынан ажырап, кадыресе адам эсебине кирген эмес. Феодализм тушундагы респ-каларда мамлекетти өзгөчө укуктан пайдаланган бийлөөчү тап — феодал-дар башкарган. Дыйкандар м-н кол өнөрчүлөрдүн укуктары чектелип, материалдык байлыкты өндүрүүчү негизги тап — крепостной дыйкандар мамл. ж-а коомдук иштерден четте калган. Феодализмге каршы күрөштө буржуазия демокр. эркиндиктерди, мамл. аппаратты жеке менчик «эркиндиги» м-н байланышта демократ-таштырууну талап кылган, бирок бийлик башына келген соц өз дикта-турасын орноткон. Бурж. Д. гражд. укук м-н эркиндикти, адамдардын тең укуктуулугун, парламент, жалпы шайлоо укугун сөз жүзүндө жарыя-ласа да, иш жүзүндө эмгекчилерди экон. ж-а саясий маселелерди чечүүгө катыштырбайт. Бурж. өлкөлөрдүн конституцияларында бардык граждандар демокр. укукка ж-а эркиндикке ээ деп жазылат, бирок экон. ж-а саясий үстөмдүк чындыгында капи-талисттер колунда болот. Бурж. Д-нын эмгекчи элге кастыгы импер. доорунда даана көрүнөт. Бул доордо эмгекчилер конституцияда белгиленген чектелүү укуктарынан да ажырайт. В. И. Ленин бурж. Д. орто кылымга караганда чоң тарыхый прогресс болгонун, бирок дайыма тар, жалган, эки жүздүү бойдон калганын, байларга бейиш, кедей-кембагалга тозок экенин, капит. коомдо ал Д. дайыма ушундай боло берерин белгилеген (Чыг., кырг. 1-бас, 28-т., 265-6.). Азыр буря!. Д. катуу кризиске учурап, кедери кетип, кадыр-барктан ажырап баратат. Д-нын эң жог. тиби — соц. Д. СССРде соц. рев-я жеңип, пролетариат дик-татурасынын орношу Д-нын кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө, саясий сүйлөмдөрдө эмес, реалдуу турмушта ишке ашырылышын камсыз кылды. ‘ Соц. Д. эмгекчилердин мүдөөсүнө шай келип, жаңы коомдо мамлекетти , башкаруунун негизги формасына айт/ ланды. Соц. Д-нын бурж. Д-дан тарыхый артыкчылыгы мурда саясаттан оолак турган калың элдин мамлекетти башкарууга активдүү катышканы-нан, коомдогу негизги саясий күчкө айланганынан айкын көрүнөт. Соц. Д. эмгекчилерге саясий эркиндик м-н кошо көп социалдык эркиндик да берет. Алар мамлекет ж-а коом тарабынан эмгекчилердин чыгармачыл эмгек кылууга, турмуш деңгээлин жогорулатууга шарт түзүлүшүнө мүмкүндүк берет. Д.— соң. ж-а коммунисттик куру-луштун милдеттерин чечүүдөгү зарыл шарттардын бири. Соц. Д. эки этапты (пролетариаттын ж-а жалпы элдик) басып өттү. Пролетариат Д-сы эмгекчи калктын мү-дөөсүн көздөп, эзүүчүлөрдүн укуктарын чектеп, бийликтен биротоло тай-дыруу багытында иш алып барат. Эзүүчү тап жоюлуп, социализм толук жеңгенден кийин пролетариат Д-сы жалпы элдик Д-га өсүп жетет. Жалпы элдик Д.— өнүккөн социализмди ж-а коммунизмди куруу шарттарын-дагы жалпы элдик мамлекеттин, жалпы элдик саясий бийликтин формасы. Соц. мамлекеттин өсүшүнүн башкы багыты катары соц. Д-ны кеңири жайылтуу ж-а өркүндөтүү КПССтин Программасында белгиленген. Соц. Д. саясаты коммунизмдин жог. . фазасында мамлекет ж-а бардык саясий надстройка сыяктуу жоюлат да, анын ордун коммунисттик өзүн өзү башкаруу, б. а. саясий мүнөзү жок Д. басат.

Ад.:   Маркс К., Франциядагы граждандык согуш, Маркс К., Энгельс Ф., Танд. чыг., 1-т., Фр., 1959; Ленин В. И., Мамлекет жана революция, Чыг., кырг. 1-бас, 25-т.; ошонуку, Пролетардык революция жана ренегат Каутский, Чыг., кырг. 1-бас, 28-т.; Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Программасы, Фр., 1972; КПССтин 25-съездинин материалдары, Фр., 1976.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *