ДЕМИН Лев Степанович

(1926-ж. т., Москва) — СССРдин учкуч-космонав-ты, полковник-инженер, тех. илимд. кандидаты (1963), Сов. Союз. Баатыры (1974). 1956-жылдан КПСС мүчөсү. Бургулоо машиналар з-дунда токарь (1942) болуп иштеген. 1945-жылдан Сов. Армияда кызмат өтөп, Аскер авиац. байланыш окуу жайын бүтүргөн. 1949-жылдан Н. Е. Жуковский атн. Аскер-аба инженердик академиясынын угуучусу, кийин адъюнк- I ту. Аскер-аба күчтөрүнүн ил. из. I уюмдарынын биринде көп убакыт I бою ст. ил. кызматкер. 1963-жылдан I космонавттар отрядында. 1974-ж. 25- j I августта «Союз-15» космос кемесинин борт-инженери болуп, Г. В. Сарафанов м-н бирге космоско учкан. Космосто 2 сутка жүрүп, Жерди 23 жолу айланып чыккан. Учуунун ар кандай режиминде маневр жасоо ж-а «Са-лют-3» станциясына жакындоо процесстери б-ча ил.-тех. эксперименттер жүргүзгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *