ДАН ЧАРБАСЫ

 — а. ч-нын дан өндүрүү, бөлүштүрүү, сатуу ж-а өстүрүү тармагы. Д. ч. рев-яга чейин Россияда арттагы тармактардын бири болчу. 1913-ж. дан эгиндери 104,6 млн га аянтты ээлеген (бардык айдоо аянтынын 88,5%). 1909—13-ж. орто эсеп м-н 12,5 млн т дан жыйналып, ар га дан 6,9 ц ден түшүм алынчу. СССРде дан эгиндин аянты кеңейип, дүң жыйымы көбөйдү. 1936—40-ж. элө дандын товардуулугу 43% кө жетти. 1941—45-ж. Улуу Ата Мек. согушта фаш. баскынчылар СССРдин Д. ч-на көп зыян келтирди. Душман ок-купациялаган аймакта а. ч-нын ма-териалдык-тех. базасы бүлүндүрүлүп, көп колхоз м-н совхоз, МТСтер жок кылынды. Согуштан кийин Компартия м-н Совет өкмөтү Д. ч-н өнүктүрүү, калыбына келтирүү б-ча көргөн чаралардын натыйжасында зор ийгиликтерге жетишилди. Дың ж-а пайдаланылбаган жерлер өздөштүрүлдү. Өлкөдө 1973-ж. 222,5 млн т дан жыйналды. РСФСР, УССР ж-а Казак ССР — негизги дан өндүрүүчү респ-ка. Дан эгиндеринин бардык айдоо аянтынан 93%, дүң жыйым дан 90%, мамлекетке сатылуучу дандан 96% ушулардын үлүшүнө туура келет. Совет бийлигинин мезгилинде Кырг-ндын дыйканчылыгы да негизги тармакка айланды. Мында 1913-ж. 435,8 миң г дан алынса, 1972-ж. 11 718 миң т өндүрүлгөн. Дан өндүрүүнүн динамикасы анын жыл сайын өсүп тургандыгын көрсөтөт. Мис, 1951— 55-ж. 576,2 миң, 1956—60-ж. 606,6 миң, 1966—70-ж. 935,5 миң т дан өндүрүлгөн. Дан өндүрүүнүн өсүшү агротех-никаны, механикалаштыруу, химия-лаштыруу, мелиорация ж. б-ны кеңири пайдалануунун натыйжасында камсыз болду. Дан эгиндеринин түшүмү 1913-ж. гектарынан 7,8 ц болсо, 1972-ж. 20,3 ц жеткен. Дан эгиндери дүйнөдөгү айдоо аянтынын 53%ин ээлейт. 1970-ж. дүйнөдө дан өндүрүү 1248,4 млн т ны түзсө, анын 71% буудай, шалы ж-а жүгөрү болгон, к. Айыл чарба.

Ад.:   КПССтин XXV съездинин материалдары, Фр., 1976; Экономика социалистического сельского хозяйства, под ред. Е. С. Карнауховой и И. А. Бородина, М., 1970.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *