ДАН КУУРАЙ

— роза гулдүүлөр тукумундагы өсүмдүк. Бийикт. 1—3 .и. Тамыры көп жылдык, сабагы бир ж-а эки жылдык, ургундай тамырлап көбөйөт, ысыкка чыдамсыз, нымкор келет; гүлү эки жыныстуу, ак; мөмөсү кызыл, сары же кочкул, оңой алынат. Д. к. май — июнда гүлдөп, июлда бышат. 120дан ашуун түрү белгилүү, көбүнчө Азия, Америка ж-а Европанын мелүүн, субтропик бөлүгүндө өсөт. Анын СССРде 70 сорту бар. Д. к-дын жылына эки жолу мөмөлөөчү сорту да болот. Кырг-нда Мальборо, Калининград, Кутберт, Вислуха, Совет ж. б. сорттору өстүрүлөт. Гектарынан 10 т га чейин түшүм алынат. Д. к-да 5,7—11,5% кант, 1—2% орг. к-та, 0,45—6,3% пептон, 9,1—44 мг А провитамини, В витамина, жыпар заттар бар. Д. к. жаңы бойдон желет ж-а тамак-аш жасоо үчүн пайдаланылат. Зыянкечтери: дан куурай коңузу, бүргөсү, чымыны, дан куурай-кожогат шиш тумшугу, күбө. Илдеттери: антракноз, дат, боз чирик, өсүмдүк рагы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *