ДАНИЛОВ Семён Петрович

[7(20). 10. 1917-ж. т.] — якут совет акыны. 1961-жылдан КПСС мүчөсү. СССР жазуучулар союзунун алдындагы Жог. адабий курсту бүтүргөн (1957). Чыг-лары 1937-жылдан жарыялана баштаган. «Аңгемелер» (1945) ж-а 20 ырлар, поэмалар жыйнагы чыккан: «Менин Мекеним» (1949), «Тынчтыкшаары» (1958), «Досумдун жүрөгү» (1960), «Алас жылдыздары» (1965), «Ырлар жана поэмалар» (1967) ж. б. Ырларынын негизги темасы — түндүктүн катаал табияты ж-а аны өзгөртүп жаткан совет адамы. Бир нече ыр, поэмасы кыргыз тилине которулган. Д. Кырг-нда болуп, кыргыз элинин жетишкендиктери ж-дө ырлар жазган. РСФСРдин М. Горький атн. мамл. сыйл. лауреаты (1971). Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг.:  Якутия жөнүндө дастан, Фр., 1973.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *