ГҮЛ

от2020

Ноя 29, 2020

— уруктуу өсүмдүктөрдүн жыныстык көбөйүү функциясын аткаруучу органы. Г.— аткарган функ-циясына байланыштуу түрүн өзгөртүп кыскарган өркүн. Эволюциялык өнүгүү мезгилинде анын кай бир жалбырактары спора пайда кылууга ылайыктанышса, калгандары стерил-дик жабуучу жалбырактарга — гүл коргонго айланган. Спора пайда кы-луучуларына (спорофиллдерге) мик-роспорофиллдер ж-а мегаспорофилл-дер кирет. Г-дүн микроспорофиллде-ри — аталыктар, мегаспорофиллде-ри — мөмө жалбыракчалар. Адатта мөмө жалбыракчалар жээктери м-н биригип өсөт да, туюк камераны — энеликти пайда кылат, анда урук-бүчүр өөрчүйт. Энелик жабык уруктуу өсүмдүктөргө гана мүнөздүү. Г-дүн бөлүктөрү: гүл сабы, чөйчөкчө, таажыча, аталыктар ж-а энеликтер. Гүл сабы — Г-дү негизги сабак м-н байланыштырган сабакча. Кай бир Г-дөрдүн гүл сабы болбойт, алар — сансыз гүлдөр. Гүл сабынын жог. бир аз жоонойгон бөлүгү — гүл жай-гашкыч; анда гүлдүн калган мүчөлөрү жайгашкан. Алардын эң сырт-кысы чөйчөкчө болуп, көбүнчө жашыл түстүү жалбыракчалардан турат. Чөйчөкчөнүн ич жагындагы кызыл, көк, көгүлтүр, сары ж. б. түстөгү бир нече желекче таажычаны түзөт. Таажычанын ич жагында ата-лыктары, ортосунда бир же бир нече энепиги бар. Г-дүн бардык аталыгы андроцей, энелиги гинецей деп аталат. Таажыча м-н чөйчөкчө биригип гүл коргонду түзөт. Гүл коргон чөйчөкчө дөн же таажыдан гана турушу мүмкүн. Ал чөйчөкчөдөн гана турса чөйчөкчөдөй (дан өсүмдүктөрү, эмен, кайың) деп, таажычадан гана турса таажычадай (лилия, мандалак) гүл коргон делет. Чөйчөкчөсү да, таа-жычасы да болгон гүлдүн гүл коргону— кош гүл коргон, ал эми гүл коргону болбогон гүл жабуусуз же жылаңач деп аталат. Аталыгы м-н энелиги — Г-дүн жыныс органдары. Аталык чаңдыктан ж-а аталык жипчесинен, энелик болсо мөмөлүктөн, чаңча түтүкчөсүнөн ж-а чаң алгычтай турат. Чаңдыкта чаңчалар, мөмөлүктө урук-бучүрлөр калыптанат. Кийин мөмөлүк мөмөгө, урук-бүчүрлөр уруктарга айланат. Аталыгы, энелиги болгон Г-дөр 2 жыныстуу же гермафродит Г., аталыгы бар, энелиги жок (аталык гүл) же энелиги бар, аталыгы жок (энелик гүл) Г-дөр бир жыныстуу Г. делет. Гүлдөрүнө байланыштуу өсүмдүктөр 1, 2 ж-а көп үйлүү болун бөлүнөт. Аталык м-н энелик гүлдөрү бир эле өсүмдүктө болсо — бир (жүгөрү, дарбыз, бадыраң), аталык гүлдөрү биринде, энелик гүлдөрү экинчисинде болсо (тал, терек ж. б.)—эки, ал эми үчүнчүсүндө экөө тең, төртунчүсүндө 2 жыныстуу гүлдөр болсо, көп үйлүү өсүмдүктөр деп аталат. Г-дөр жалгыздан, көпчүлүк учурда топ гүлгө чогулат. Г-дүн түзүлүшүн жазуу үчүн атайын формула ж-а диаграмма колдонулат. Формулада Г-дүн мүчөлөрү: чөйчөкчө, таажыча, андроцей, гтшецей латынча аттарынын башкы тамгалары м-н, алардын ар бир тегерек б-ча жайгашкан бөлүктөрүнүн саны цифра м-н белгиленет. Диаграммада Г-дүн мүчөлөрүнүн формалары, саны ж-а горизонт тегиздик б-ча жайгашуулары графика м-н көрсөтүлөт. Анда чөйчөкчө жалбыракчалар фшуралуу кашаалар, желекчелер тегерек кашаалар, аталыктар ж-а эне-хпктер чаңдыктын ж-а мөмөлүктүн туурасынан кесилишиндеги сөлөкөт-төрүн көрсөткөн сүрөттөр м-н белги-генет. Г. гүл бучурунөн өсүп чыгат.

от 2020