ГҮЛ ӨСТҮРҮҮ

от2020

Ноя 29, 2020

 — дыйканчылык тармагы. Г. ө. бардык өлкөлөрдө дээрлик өнүккөн. Ал СССРде да кеңири таралган. Биздин өлкөнүн шаарлары м-н элдүү пуккттарында кооз өсүмдүктөр өтө көп. Москванын бактары м-н парктарында жыл сайын миллиондогон гүл отургузулат. Негизги Г. ө. м-н катар короо-жайда ж-а үйдө гүл өстүрүү (к. Үй өсумдуктөру) маанилүү орун ээлейт. Пайдалануу максатына ж-а биол. өзгөчөлүгүнө жараша гүл ачык ж-а жабык аянтка ■стүрүлөт. Ачык аянтка бир, эки ж-а теп жылдык өсүмдүктөр бак, парк, короо-жайды кооздоо же кыркып алуу максатында өстүрүлөт. Бир жылдыкка уругу себилген жылы гүл- дөөчу кызгалдак, жыпар тамеки, кытай астрасы сыяктуулар, эки жылдыгына: мальва, маргаритка, түрк чеге гүлү ж. б., көп жылдыкка: флокс, дельфиникум, пион ж. б. кирет. Аларды көп жыл бою бир эле жерге өстүрүүгө болот. Өлкөбүздө Крым, Кавказ ж-а О. Азиянын табигый шарты ачык жерде гүл өстүрүүгө ыңгайлуу. Кавказ, О. Азия, Алтай, Ы. Чыгышта кээ бир жапан өсүмдүктү эгилме түргө айландырып өстүрүүнүн зор перспективасы бар. Г. ө-нү өнүктүрүүдө ил. из. мекемелери ж-а ботан. бактар зор роль ойнойт. Кыргыз ССР ИАнын ботан. багында, Фрунзе, Ош ж. б. шаарларда жыл сайын миллиондогон гүл көчөтү өстүрүлөт.

Ад.:   Киселев Г. Е., Цветоводство, З изд., М., 1964; Кривошеева Л. С. [и др.], Цветы Ботанического сада Академии Наук Киргизской ССР, Фр., 1973.

от 2020