ГЮРЗА

от2020

Ноя 29, 2020

(Vipera lebetina) —кара чаар жыландар уруусундагы жылан. Уз. 1,5 м ге чейин. Түсү боз чаар. Жонунда туурасынан кеткен кара күрөң темгили, капталында майда кара тактары бар. Г. Түн. Африкада, Түш.-Батыш Азияда ж-а СССРде Кавказда (Абхазиядан башка) ж-а О. Азия респ-каларынын түштүгүндө кездешет. Г. тоонун шагылдуу, карагандуу беттеринде ж-а туздүктөрдө жашайт. Ал майда жандыктар, куштар, кес-келдириктер м-н азыктанат. Г. Чакса киши ж-а айбанат өлүп калышы мүмкүн.

от 2020