ГЮИГЕНС,

Х ё й г е н с Христиан (14. 4 1629, Гаага — 8. 7. 1695, ошол жерде) — нидерланд механиги, физик ж-а математик, жарыктын толкун теорпясын түзүүчүлөрдүн бири. Лондондогу королдук коомдун биринчи чет элдик мүчөсү (1663-жылдан). Ал Лейден ж-а Бреда ун-тинен укук ж-а математика б-ча билим алган. Г. 22 жашында айлана, эллипс ж-а гипербола жааларынын узундугун аныктоо б-ча эмгегин жарыялаган. «Айла-жзяын чоңдугун аныктоо жөнүндө» :554) деген эмгеги айлананын узундугунун диаметрге катышын аныктоо теориясына чоң салым болгон. Өз ойноп тапкандарын «Маятниктүү сааттар» (1658) деген эмгегинде сызылган жазган. Г. 1665-ж. Франция ШАсына башчылык кылууга Парижге чакырылган (1665—81). Г. 1681-ж. ш мекенинде оптика б-ча иштерин тлйштып, аларды «Жарык жөнүндө гуактат» (1960) деген эмгегинде жы-йынтыктаган. Мында биринчи жолу жарыктын толкун теориясы оптикалык кубулуштарды түшүндүрүүдө з&ионулган. Бул трактаттын 5-гла-жисында исланд шпатьгаын кристал-зшзда байкалган жарыктын эки ба- гытка сынуу кубулушу, оптикалык бир октуу кристаллдарда сынуунун классикалык теориясы түшүндүрул-гөн. Кийин бул эмгекке кошумча иретинде «Оордуктун себептери жөнүндө» деген эмгек жазып, анда бүткүл дүйн. тартылуу законун ачууга жакындап келген. Г-тин акыркы трактаты «Космотеорос» (1698) көзү өткөндөн кийин басылып чыккан.

Ав.: Франкфурту. И., Френк А. М., Христиан Гюйгенс, М., 1962.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *