ГУС Ян

(1371—1415) — чех элинин улуттук баатыры, Реформациянын көрүнүктүү ишмери. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1393-ж. Прагадагы Карлов ун-тин бүткөн. 1396-ж. ошол ун-ттин магистри, 1401-—02-ж. яркин өнөрлөр Ф-тетинин деканы, 1402—04- ж-а 1409—10-ж. ректору. Г. немептердин ж-а католик чиркөөсүнүн зомбулугуна каршы Чехиядагы эл кыймылынын идеологу болгон. Чех тилинде сүйлөгөн сөздөрүндө католик динчи-леринин кыянатчылыгын, моралдык жактан кедери кеткенин ашкерелеп, адепки христиан дининин принциптерине кайтуу, жөнөкөй адамдар м-н дин кызматкерлеринин укугун теңөө талабын койгон. 1409-жылдан католик чиркөөсү м-н чыр-чатагы ырбап, Г. Констанц соборунун сотуна чакырылган. Император Сигизмунд I нин Г-ка кол тийгизбөө ж-дөгү грамота-сына карабай Г. кармалган. Анын тирүүлөй өрттөлүшү гусчулардын ре-яплюииячыл кыймылын баштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *