ГУСЕНИЦА, к. Эжеке бээ саа.
ГУСЕНИЦА — шарнирлүү туюк тасма же туташ чынжыр. Ал өзү жүрүүчү машинада дөңгөлөк ордуна колдонулат. Г-нын тогоолору, түташ-тыруучу элементтери атайын болоттон жасалат. Г. жолсуз, жумшак жерден, саздан ж-а калың кардан өтүү үчүн өзү жүрүүчү машинанын дөң-гөлөктөрүнө, жүргүзгүч тетиктерине капталат, к. Трактор.