ГУСЕИН МЕХТЙ

от2020

Ноя 29, 2020

[өз аты-жөнү — Гусейнов Мехти Али оглы; 4(17). 4. 1909 — 10. 3. 1965] — азербайжан совет жазуучусу. 1941-жылдан КПСС мүчөсү. Алгачкы аңгемеси 1927-ж. жарыяланган. Негизги романдары ж-а повесттери: «Жазгы ташкын» (1933—36), «Тарлан» («Салгылашуу», 1940), «Комиссар» (1942), «Апшерон» (1947, СССР мамл. сыйлыгы, 1950), «Таң» (1950—53) ж. б. Пьесалары: «Даңк» (1938—39), «Низами» ж. б. Г. М. Азербайжан жазуучулар союзунун пред-ли болгон. Азерб. ССР Жог. Советинин (5-шайл.) ж-а СССР Жог. Советинин (6-шайл.) депутаты. Эки орден м-н сыйланган.

Чыг.:  Салгылашуу, Фр.. 1957; Избранные произведения, М., 1959.

от 2020