ГУРЬЕВ

— Казак ССРинин Гурьев обл-нын борбор шаары. Урал д-нын өйүз^бүйүзүндө. Каспий деңизинин түн. тарабынан 30 км аралыкта жайгашкан. Калкы 125 миң (1974). Дарыя порту, т. ж. тоому. Совет бийлигинин жылдарында Г. ири нефть ж-а химия ө. ж-ларынын борборуна айланды. Г-ден Орск — Өзөн — Куйбышев нефть жүргүчү өтөт. Нефть иштетүүчү, химия, машина куруу, кеме ремонттоо з-ддору, курулуш материалдар, балык-консерва, эт комби-наттары иштейт. Г. 1640-ж. негизделген. Совет бийлиги Г-де 1918-ж. февралда орногон. Пед. ин-т, политехникум, балык ө. ж., а. ч. техникуму, мед. ж-а муз. окуу жайлары, край таануу музейи, драма театры бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *