ГУРЬЕВ ОБЛАСТЫ

Казак ССРинде 1938-ж. 15-январда түзүлгөн. Аянты 284,3 миңвлг2. Калкы 370,7 миң (1976). Г. обл-нда 7 район, 4 шаар ж-а 15 ш. т. поселка, 47 сельсовет бар. Борбору — Гурьев ш. Область Каспий бою ойдуңунда жайгашкан. Климаты кескин конти-ненттик; январдын орт. темп-расы түштүгүндө — 3,4°С, түндүгүндө — 10,6°С, июлдуку 26°С, 24°С. Жылдык жаан-чачын түштүгүндө 100—116 мм, түндүгүндө 180—200 мм. Дарыялары аз, Каспий деңизинин алабына кирет, эң ириси — Урал. Областтын терр-ясынын 1%ин токой ж-а бадалдар ээлейт. Айбанаттары: карышкыр, түлкү, суур, коён, доңуз, талаа бүркүтү, тоодак, безбелдек ж. б. Калкынын 62,5% казак. Башка улуттардан орус, украин, татар, белорус, өзбек ж. б. жашашат. Калктын орт. жышт. 1 км2 жерге 1,2 киши. Ири шаарлары: Гурьев, Форт-Шевченко, Шевченко ж-а Жаңы Өзен. Эл чарбасынын негизги тармактары: нефть казып алуу, нефть иштетүү, химия ө. ж., машина куруу, балык кармоо ж-а мал чарбасы. Ө. ж. Совет бийлигинин учурунда гана пайда болду. 1940-жылга салыштырганда 1970-ж. ө. ж-дып дүң продукциясы 14,3 эсе өскөн. Гурьев — Орок нефть жүргүчү курулган. Гурьев ш-нда нефть иштетүүчү ж-а химия з-ддору бар. Балык кармоо б-ча Г. о. Казак ССРинде 1-орунда. Машина куруу, металл, жыгач иштетүү ж-а курулуш материалдарын чыгаруу өнүккөн. Мал чарбасы а. ч. дүң продукциясынын 81%ин берет. А. ч-га жарактуу жери 16,4 млн га, анын 16 млн га жайыт (1970), айдоо аянты 61,6 миң га, анын 89%ине тоют өсүмдүгү өс- . түрүлөт. Дан эгиндеринен арпа, жүгөрү, шалы айдалат. 1976-ж. 102.2 миң кой, 57,5 миң уй, 42,1 миң жылкы, 11,2 миң төө болгон. Т. ж-нун уз. 776 км (1976). Башкы т. ж. тармактары: Гурьев — Астрахань, Гурьев — Орск, Макат — Бейнеу — Шевченко. Урал д. м-н Каспий деңизинде кеме катнашы бар. Автомобиль жолунун уз. 2763 км. 1975/76-окуу жылында 174 мектеп (98,4 миң окуучу), 7 атайын орто, 16 кесицчилик окуу жайы, Гурьев пед. ин-ту болгон. 238 китепкана, 230 клуб, драма театр, музейлер бар. 1971-ж. 5,9 миң койкалуу 87 ооруканада 835 врач иштеген. Областтык «Коммунистик еңбек» (1933-жылдан) ж-а «Прикаспийская коммуна» (1920) газеталары чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *