ГУРОН

от2020

Ноя 29, 2020

Х ь ю р о н — Түн. Америкадагы көл. АКШ м-н Канададан орун алган. Чоңдугу б-ча Улуу көлдөрдүн ичинен 2-орунда. Аянты 59,6 миң км2, тереңд. 208 м ге чейин. Г. дарыялар аркылуу Верхний, Мичиган, Эри ж-а Сент-Клер көлдөрү м-н байланышат. Көлгө бир нече майда суу куюп, Сент-Клер д. агып чыгат. Түн. жээги бийик, аскалуу, түштүгү жапыз. Балыкка (форель, сиг, легць, сом) бай. Кеме жүрөт. Ири порттору: Сарния, Мидленд (Канада); Алпина (АКШ).

от 2020