ГУННДАР

от2020

Ноя 29, 2020

 хунндар — Борб. ж-а О. Азияда Турк каганатынан мурда жашаган, түрк тилинде сүйлөгөн көчмөн уруулардын алгачкы теги. Г.— саптар (скифтер), усундар, кацг лылар м-н тектеш эзелки уруулардын эң атактуусу, эң көп тараганда-рынын бири. Кытай тарыхында (б. 3. ч. 8—7-к.) Г-дын ата-бабалары ди, ху ж-а жун деп аталган. Г-дын күчөгөн доорунда (б. з. ч. 3-к.) алар Бай-калдан Тибетке, Чыгыш Түркстан-дан (Синьцзян) Хуанхэ д-нын ортоңку агымына чейинки жерлерди ээлеген. Алардын мамлекети көчмөн уруулардын бирикмесинен куралган. Г. м-н кытайлардын ортосунда жер үчүн эзелтеден эле күрөш болуп турган. Өзгөчө Маодундун (Моде) ж-а анын тукумдары бийлеп турган (б. з. 4. З—1-к.) тушта күчтүү аскер топтоп, О. Азиядагы усундар ж-а кангы-лылар м-н бириктешип, кытайларга каршы согушкан ж-а аларды өз мамлекети таанууга мажбур кылып, узак убакыт бою салык алып турган. Ушул доорлордо кытайлар Г-дан коргонуу үчүн «Улуу Кытай дубалын» курууга киришкен. Г-дын күчтүү мамлекет болушу кытай бапгкаруу-чуларына жаккан эмес. Алар ар дайым Г-ды алсыратуу аргасын издешкен; ич ара чагым салып, усундар м-н каңлыларды Г-дан бөлүп таштоо саясатын жүргүзгөн. Натыйжада ички карама-каршылыктан Г-дан адегенде усундар, андан. соң (б. з. ч. 55-ж.) Г-дын өзүлөрү чыгыш ж-а батыш Г. болуп бөлүнүп кеткен. Чыгыш Г. кытайларга багынган, батыш Г. Чжи-Чжинин жетекчилиги м-н өзүлөрүнүн көз карандысыздыгын сактап, көп убакыт бою кытайлар м-н күрөшкөн. Кийинчерээк Чжи-Чжи О. Азиядагы каңлыларга барып байыр алган. Акыры кытайлардын Чень Тан ж-а Ганьянь Шоу башкарган колу Чжи-Чжини (болжол м-н б. з. ч. 47-ж.) Талас өрөөнүндө талкалаган. Г-дын калгандары батышка тозуп кетишкен. Б. з. 1-кылымынын 2-жарымында-гы Г-дын топтору О, Азияга, Кыргыйдын, Сыр-Дарыянын түн. жактарына кеңири таралгандыгы ж-дө маалыматтар бар. Кийинчерээк Г-дын топтору Арал ж-а Кара деңиздеринии бойлорун жердеп, андагы көп урууларды ордунан козгоп, Азия, Европадагы «Элдердин улуу көчүшүнүн» башталышына себеп болгон. Чыгыш Европада Г. тууралуу маалыматтарды Дионисий Периэгет (1—2-к.), Пто-ломей (175—182), армян тарыхчыла-ры Агафангел (3-к.), Фавст Бузанд (4-к-дын 30-жылдары) билдирген. Алардын айтуусуна караганда Г. Кара деңиздин жээктеринде, Кавказ тоолорунун түн. бөлүгүндө, Днепр д-нын боюнда жашаган. Г. күчтүү мамлекет болуп, Рим империясын талкалоого катышкан. Батыш Г. 5-к-да, өзгөчө Аттиланын (Едил) доорунда (434—453) катуу күчөгөн. Анын борбору азыркы Венгриянын терр-ясындагы Паннонияда болгон. Атилла өлгөндөн кийин анын түзгөн мамлекети тез эле кулаган. Г-дын кийинки урпактарына Кавказ, Кара деңиз ж-а Волга боюнда жашаган турк тилинде сүйлөгөн элдер кирген. Коомдук өнүгүү жагынан алганда, ал кездеги Г. мурдагы согуштук демократия баскычынан феодализмге кадам койгон. Алардын баскынчылык чабуулдарына көп уруулар катышкан. Байыркы тарыхчылардын маалыматтарына караганда Г. боз үйдө жашап, көчүп-конуп күн өткөрүшкөн. Негизги кесиби мал чарбачылык болуп, айрым жердегилери эгин айдашкан, кол өнөрчүлүгү кеңири өнүккөн. Г-дын О. Азиядагы арх-ялык эстеликтерин азырынча илимпоздор толугу м-н тактай элек. Кырг-ндын терр-ясынан изилденген каза-нактуу дөбө-мүрзелөр ошол доордогу эстеликтерге кирет. Профессор А. Н. Бернштам 1938-ж. Талас өрөөнүнөн (Кең-Колдон) казанактуу көмүлгөн мүрзөлөрдү ачып, алардын о. азиялык Г-га таандык экенин айткан. Алардын мад-тынын калдыктары өзгөчө кыргыз, казак элдеринин мад-тына өтө окшош ж-а жакын экенин баса көрсөткөн. Кийинки жылдардагы изилдөөлөр бул мад-ттын Кырг-н-да 1—5-к-да кеңири таралганын ж-а андай табылгалар Кара деңиздин жээктеринен, Волга боюнан да көп кезиккендигин ж-а ал терр-я м-н Г-дын болгон тарыхый-маданий байланышын ачык айкындады. Бул эстеликтер Г-дын өзүнүкү болбосо да, алардын составына кирген көчмөн урууларга таандык болушу мүмкүн.

Ад.:   Иностранцев К. А., Хунну и гунны, Л., 1926; Бернштам А. Н., Кенкольский могильник, П., 1940; его же, Очерк иетошга гуннов, Л., 1951: Р у-д е н к о С. И., Культура хуннов и Ноин-Улинские курганы, М.—Л.. 1962: Гумилев А. Н., Хунну, М., 1960; Кожомбердиев И., Новые памятники II—V вв. н. э. в долине Кетмень-Тюбе (Тянь-Шань) и их связи с памятниками Северного Причерноморья. Пленум Ин-та археологии (АН СССР), Секция «Археология Средней Азии». Тезисы докладов. М., 1966, с. 20; Кожомбердиев II., К вопросу историко-культурных связей Тянь-Шаня е Поволжьем, Приуральем (I—Vbb.), Научная сессия по этногенезу Башкир, Уфа, 1969, с. 56—57; Засецкая И. П., Гунны в Южнорусских степях, Конец IV — первая половина V вв. н. э. (по археологическим данным). Автореферат, П., 1971.

от 2020