ГУМАНИЗМ

от2020

Ноя 29, 2020

(лат. humanus — адамгерчилик) — тарыхый жактан өзгөрүп турган көз караштардын системасы. Бул көз караштар б-ча, адам — жеке адам катары кымбат, анын эркиндикке, бакты-таалайга, өз жөндөмдүүлүгүн өөрчүтүүгө акысы бар; социалдык институттардын баасы адамдын жыргалчылыгы м-н өлчө-нүүгө, ал эми теңчилик, адилеттик, адамгерчилик кишилер арасындагы кадыресе мамиле болууга тийиш. Алгачкы Г. идеясы элдердин эзүучүлөр-гө каршы күрөшүндө стихиялуу түрдө келип чыккан. Г. идеялык Кыймыл катары Кайра жаралуу доорунда (15—16-к.) калыпка салынган. Ошол учурдагы Г. феодализмге, о. кылымдагы диний көз караштарга каршы прогрессчил матер, ой-пикир м-н байланыштуу бурж. идеологияга мүнөздүү болгон. Гуманисттер адамдардын жекече эркиндигин жактап, диний окууга каршы чыгышкан, адамдын жыргал турмушка болгон укугун даңазалашкан. Кайра жаралуу доорундагы белгилүү гуманист* тер Петрарка, Данте, Леонардо да Винчи, Эразм Роттердамский, Бруно, Рабле, Монтень, Коперник, Шекспир. Ф. Бэкон ж. б. матер, көз караштын калыптануу процессине чоң салым кошкон. Бирок алар эзилген элдин рев-ялык кыймылынан ж-а мүдөөлөрүнөн алыс турушкан. 18-к-дагы агартуучулардын чыг-ларында Г. өз өнүгүшүнүн жог. баскычына жеткен. Эркиндик, теңдик ж-а бир туугандык урааиын даңазаласа да, алгачкы бурж. Г-дин өкүлдөрү индивидуализм ж-а жеке менчик идеал-дарынын туткунунда калып, эмгекчилерди эзүүдөн бошотуу маселесин күн тартибине кое алышпаган. Уто-лист-социалисттет) (Оуэн, Сен-Симон, Фурье) элдин бардык катмарынын мүдөөсүн жактоого умтулган. Уто-писттер адамдардын мүлк жагынан тендигин, ар бир адамдын коомдук өндүрүшкө бирдей катышуусун талап кылып, кишилер жаратылышынан эле тең укуктуу деп белгилеш-кен. Бирок тарыхты идеалисттерче түпгунгөндуктөн алар коом өнүгүшүнүн закон ченемдерин билишкен эмес, адамдын телегейи текши өнүгүшүнө шарт түзүүчү соц. коомго өтүү жолдорун белгилей алышпаган. Opvc пе-волюңионер-демократтары В. Г. Белинский, А. И. Гепиен, Н. Г. Чернышевский, Н. А. Добролюбовдор Батыштын утопист-соңиалисттеринин көз карашындагы кемчиликтерди сынга алышкан. Бирок булар да маселени аягына чейин чече алышпаган. Батыштын утопист-соңиалисттер м-н орус рев-ячыл демократтары иштеп чыккан Г. марксизм-ленинизм тарабынан кайра каралып, толукталып, чыныгы матер, негизге ээ болду. Г-дин жог. тиби—соң. Г. Анын теориялык негизи маркстик-лениндик философия м-н ил. коммунизмден келип чыгат. Соң. Г.— пролетариат идеологиясынын аң маанилүү составдын бөлүгү, анткени пролетариат эзүүчү таптарга каршы күрөшүндө, жаңы коом куруу процессинде адамзаттын гуманисттик идеалдарын сал-танаттоого мүмкүнчүлүктөр ачат. Социализм жеке менчик м-н социалдык эзүүнү жок кылып, адам адамга дос, жолдош ж-а тууган деген кишилер арасындагы чыныгы гумандуу мамилелерди бекемдейт.-Коммунизм Г-дин эн жог. тибин ырастайт. Коммунисттик коом адамдардын ортосундагы бардык теңсиздиктердин калдыгын жоюп, «ар кимдин жөндөмүнө жараша, ар кимге керектөөсүнө жараша» деген принпипти ишке ашырат, адамдардын телегейи текши өнүгүшүнө бардык шарттар түзөт.

Ад.:   Маркс К., К критике гегелевскпй Лилософии права. Введение, Маркс К., Энгельс Ф.. Соч.. 2 изд.. т. 1: Энгельс Ф.. Развитие социализма от утопии к науке, там же, т. 19: Федосеев П. Н., Социализм и гуманизм, М., 1958; Сим он ян Е. А.. Коммунизм — НТО пояльттьтй гуманизм, М., 1970.

от 2020