(1931-ж. т.. Куйбышев обл., Гвардейцы с.) — СССРдин космонавт учкучу, подполковник. Сов. Союз. Баатыры (12. 2. 1975). 1957-жылдан КПСС мүчөсү. 1950-жылдан Сов. Армиянын катарында. Аскер-деңиз авиац. окуу жайын бүтүргөндөн кийин Сов. Армиянын авиац. бөлүктөрүндө кызмат кылат. 1957-ш. Кызыл Туулуу Аскер-аба академиясына (азыр ГО. А. Гагарин атн.) кирин, аны бүтүргөндөн кийин авиац. бөлүктөрдө кызмат өтөөсүн улантат. Авиаполктун эскадрилья командири, квалификациялуу «1-класстагы аскер учкучу». 1963-жылдан космонавттар отрядында. 1975-ж. 11-январда «Союз-17» космос кемесинин командири болуп (Г. М. Гречко м-н бирге) космоско учкан. 12-январда «Союз-17» трансп. кемеси «Салют-4» орбиталык ил. станция м-н ашташып биригишкенден кийин 30 сутка бою. б. а. 1975-жылдын 9-фев-ралына чейин «Салют — Союз» комплекси космос орбитасында учуп жүргөн. Ашташтырып бириктирүү эки этапта иштелген: алыстан улам жакындап келүүдө «Союз-17» кемеси анын бортуна орнотулган каражаттар м-н автоматтык түрдө башкарыл-ган; 100 м аралыктан баштап кемени станцияга жакындатуу ж-а тийиш-тирүүнү экипаж башкарган. Ашташтырып бириктиргенден кийин экипаж трансп. кемеден ил. станциянын ичине өтүп, ар түрдүү ил. ж-а тех. изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Бул учурда электр магнит нурлануу спектринин ар түрдүү диапазонунда Күндү, планеталарды ж-а жылдыздарды комплекстүү изилдөө, Жер бетин ж-а атм-раны үйрөнүүнү улантуу, кеңири ме-дипина^биол. изилдөө иштери жүргүзүлдү. 1975-жылдын 9-Левралында «Союз-17» кемеси «Салют-4» станпия-сынан бөлүнүп, ошол куну Жерге келип конду. Г. Ленин ордени, башка орлен ж-а медалдар м-н сыйланган.

от 2020