ГУАМ

от2020

Ноя 29, 2020

— Тынч оке ан дын батыш бөлүгүндөгү арал, Мариана аралдар тобунун эң чоңу. АКШга карайт. Аянты 533,5 км*. Калкы 102 миң (1969). Башкы шаары — Аганья. Аралдын түштүгү (эң бийик жери 450 м течении) жанар тоо атылууларынан пайда болгон андезиттен турат, түндүгү (ойдуң жагы) коралл, аки таш тегинен түзүлгөн. Жер титирөөлөр тез-тез болуп турат. Климаты тропиктик, пассаттуу. Орт. айлык темп-расы 26°С Жылдык жаан-чачыны 3000 мм чамалуу. Тоолорунун түш. ж-а чыгыш беттерипе нымдуу тропик токою, түндүгүнө саванна мүнөздүү, Аралды 1521-ж. Ф. Магеллан ачкан. 17-к-дын аягында испандар басып алган. Испания-Америка еогупгунун (1898) натыйжасында АКШнын ээли-гине өткөн. Экинчи дүйн. согуш убагында (1941-ж. дек.— 1944-ж. авг.) япон аскерлери оккупаңиялап турган. Согуштан кийин Г.— АКШнын аскер-деңиз ж-а аскер-аба күчтөрүнүн Тынч океандагы эң ири базасы. Аралдын калкынын жарымына жакыны жерг. ал — чаморро (50 миңдей; «1969). 40 миндейи америкалыктар (негизинен аскер ж-а аскер-де-низ базаларын тейлеген адамдар). Аралда филиппиндер (10 миңдей) ж-а гаваиликтер да жашайт. Офиц. тили — англис тили. Калкынын көпчүлүгү (95%) католик дининде. Жү-гөру. кофе, банан, бал камыт, таро ж. б. тропик өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Калкы балык уулоо ж-а жыгач даярдоо м-н кесип кылат.

от 2020