ГРУПШН Петр Дмитриевич

[2(15). 1. 1906-ж. т.] — авиац. техника тармагындагы сов. илимпоз, СССР ИАнын акад. (1966; 1962-жылдан корр. мүчө), Соң. Эмг. Баатыры (1958). 1931-жылдан КПСС мүчөсү. Москва авиац. ин-тун (МАИ) бүтүргөндөн (1932) кийин инженер-техник кызматта жетекчи. 1948—51-ж. МАИде ф-теттин деканы, 1953-жылдан ишкананын жетекчиси. Негизги эмгектери учуучу аппараттарды түзүүгө багытталган. Партиянын 23- ж-а 24-съезд-деринде КПСС БКнын мүчөсү болуп шайланган. РСФСР Жог. Советинин (5—6-шайл.) депутаты. Лениндик сыйлыктын лауреаты (1963). Беш Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *