ГРУЗИН ССР ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ

 — ГССРдин жог. илимий мекемеси. 1941-ж. Тбилисидеги СССР ИАнын Грузин филиалынын ж-а Тбилиси мамл. ун-тинин мурдагы бир катар ил. из. мекемелеринин базасында негизделген. Академиянын составында (1975) 67 академик ж-а 48 корр. мүчө бар. Академиянын 6 бөлүмү, 42 ил. из. мекемеси бар: математика ж-а физика бөлүмү, Жер ж-дө, колдонмо механика ж-а башкаруу процесстөр бөлүмү, химия ж-а хим. технология бөлүмү, биол. бөлүмү, коомдук илимдер бөлүмү ж-а бир катар ил. из. мекемелер, Абастумани астрофиз. обсерваториясы, эсептөө борбору, өсүмдүктөр биохимиясынын лабор-ясы, 3 ботан. бак ж. б. Грузин ж-а орус тилдеринде ин-ттардын ил. I эмгектери басылып турат. 1975-ж. Эл Достугу ордени м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *