Грузия 1921-ж. 25-февралда түзүлгөн. 1922-жылдын 12-мартынан 1936-жылдын 5-декабрына чейин Закавказье Федерациясын д а болгон; 1936-ж. СССРдин составына өз алдынча союздаш респ-ка болуп кирген. За-кавказьенин борб. ж-а батыш бөлүгүн ээлейт. Түндүгүнөн РСФСР, чыгыш ж-а түш.-чыгышынан Азербайжан, түштүгүнөн Армян ССРи ж-а Турция, батышы-нан Кара деңиз м-н чектешет. Аянты 69,7 миң км2. Калкы 4954 миң (1976). Борбору — Тбилиси. Составына Абхаз ж-а Ажар АССРлери; Түш. Осетин автономия областы кирет; админ. 66 районго бөлүнөт; Ъ1 шаар, 58 ш. т. посёлка бар. Мамлекеттик түзүлүшү. ГССР — СССРдин составындагы жумушчу-дыйкандардын соң. мамлекети, союздук сов. соц. респ-ка. Азыркы Конституциясын 1937-ж. 13-февралда Бүткүл грузиялык Советтердин Чукул чакырылган 8-съезди бекиткен. Мамл. бийликтин жог. органы — ГССРдин 4 жылдык мөөнөткө шайлануучу бир палаталуу Жог. Совети. Жог. Совет сессияларынын аралыгында мамл. бийликтин жог. органы— анын Президиуму. Жог. Совет респ-ка өкмөтүн (Мин. Советин) түзөт, ГССР закондорун кабыл ала. Райондордо, шаарларда, посёлкаларда ж-а кыштактарда бийликтин жерг. органдары — 2 жылга эл шайлоочу Эмгекчи депутаттар советтери. Жог. сот органы —5 жылдык мөөнөт м-н ГССР Жог. Совети шайлоочу ГССР Жог. Соту. ГССР прокурорун СССРдин Ген. прокурору 5 жылдык мөөнөткө дайындайт. Мамл. гербин ж-а желегин к. Мамлекеттик герб ж-а Мамлекеттик желек макалаларынын таблицасынан. Табияты. Г-нын табигый шарттары өтө ар түрдүү. Түндүгүндө Чоң Кавказ (Кавкасиони) тоо системасы жатат. Анын эң бийик чокулары: Шха-ра (5068 м), Казбек (5047 м), Тет-нульд (4852 л«), Ушба (4695 м). Гру-зиянын түштүгүн Кичи Кавказдын кырка тоолору ээлейт. Чоң Кавказ м-н Кичи Кавказдын ортосунда Колхида ойдуңу, Ички Картали, Төмөнкү Картали ж-а Алазани түздүктөрү жатат. Г-нын аймагы Альп бүктөлүү аймагына кирет. Мында эң байыркы мезгилден антропогенге чейинки чөкмө, жанар тоо ж-а мета-морфизмделген тоо тек катмарлары кездешет. Ар түрдүү интрузия тоо тектери да кеңири таралган. Бүктө-лүүнүн натыйжасында аймак бири бирине жылытып кеткен бир нече структуралык зонага бөлүнгөн. Г-нын аймагы үчүн антропоген мезгилинде тектоникалык кыймылдардын активдүү болушу м-н жанар тоолордун көп атылышы мүнөздүү. Негизги кен байлыктары: марганец рудасы (Чиатура) олигоценде пайда болгон тоо тек-терде; таш көмүр (Ткибули, Тквар-чели), нефть (Колхида, Сырткы Ка-хети) мезозой, палеоген ж-а неоген чөкмөлөрүндө; полиметалл ж-а сурьма-мышьяк рудалары (Чоң Кавказдын түш. капталы) юра ж-а неоген интрузиялары м-н байланыштуу; жез кендери (Маднеули) бор мезгилиндеги жанар тоо формациясында жайгашкан. Табигый курулуш материалдары (мрамор, сланец, туф, цемент сырьёлору ж. б.) көп жерде кезигет. Г. минералдуу ж-а арашан сууларына бай: 1300гө жакын минералдуу булак бар, алардын ичинен Цхалтубо, Боржоми, Мнджи, Авадхара ж. б. дарылык касиети б-ча өлкөбүзгө кеңири белгилүү. Г. үчүн жалпысынан субтропиктен мепүүнгө өткөн климат мүнөздүү.’ Жылдык орт. темп-pa 14°Сге жакын, темп-pa бийиктик алкактар б-ча өзгөрүп турат. Нымдуу субтропик кли-маттуу батыш райондорунда жаан-чачын өтө көп (жылына 2,5—3 миң мм) жаайт. Мында январдын орт. темп-расы 5—6°С Г-нын батыш бөлүгүндөгү климат нымдуу-жылуу жерде өсүүчү өтө сейрек өсүмдүктөрдүн өсүшүнө ыңгайлуу. Чыгыш жагы кургакчыл; 450 м бийикке чейинки ойдуң жерлерде июлдун орт. темп-расы 24—25°Сге жетет, көпчүлүк бөлүгүндө январдагы темп-ра 0°Сге чейин өзгөрөт. Г-дагы суулар Кара деңиз (Риони, Ингури, Кодори социалист-интернационалисттер союзу» уюштурулган. Союздун Б. Дзне-ладзө башында турган Убактылуу комитети шайланган. 1919-ж. апрелде Тбилиси «Спартак» союзунун конф-ясы болуп, анда устав кабыл алынган, «Спартактын» Тбилиси комитети шайланган. 1920-ж. 22-майда Г. комсомолунун Убактылуу Борб. Комитети түзүлүп, 1920-ж. 25-августта Г. комсомолунун 1-съезди болгон. Г-да Совет бийлиги жеңгенден кийин комсомол соц. индустрияяоону, а. ч-ны коллективдештирүүнү ж-а маданий рев-яны ишке ашырууга активдүү катышты. Улуу Ата Мек. согуштун мезгилинде Г. комсомолу м-н жаштары согушта ж-а, оорукта зор баатырдык көрсөттү. Г. комсомолу согуштан кийинки мезгилде коммунисттик коомду куруучулардын алдыңкы катарларында болду. 1974-жылдын 1-январында Г. комсомолунун катарында 568 681 мүчө болгон. Профессионалдык союздары. Г. профсоюздары — СССР профсоюзда-рынын составдын бөлүгү. 1905-ж. ноябрь — декабрда түзүлө баштаган. 1906-жылдын аягында Тбилисидө 30 профсоюз уюму болгон. 1906-ж. 3-де-кабрда Тбилиси профсоюздарынын Борб. совети түзүлүп, анын иши большевик уюмдарынын жетекчилиги м-н жүрүп турган. 1907-ж. Батуми, Кутаиси, Чиатура, Сиганхи ж. б. профсоюз борборлору уюштурулган. Г. профсоюздары 1905—07-жылдарда-гы рев-я мезгилинде Россиянын профсоюздары м-н байланышып, жумушчу табынын күжүрмөн уюмдарынан болгон. 1917-ж. Февр. рев-ясынан кийин Г-дагы профсоюздар кайтадан уюштурулган. 1917-ж. 26—31-декабрда Тби-лисиде Закавказье профсоюздарынын крайлык 1-конф-ясы болуп, профсоюздардын Крайлык советин шайлады. 1918-ж. февралдын аягында большевиктер Тбилисиде профсоюздардын жашырын жетекчи органы — «Жумушчу борборун» түзгөн. 1919-ж. 11— 16-апрелде Г. профсоюздарынын 1-съезди болду. Совет бийлиги жеңгенден кийин Г. профсоюздары партиянын жетеги м-н массаны эл чарбасын калыбына келтирүүгө ж-а реконструкциялоого, өлкөнү индустриялоого, а. ч-ны коллек-тивдештирүүгө, маданият рев-ясын ишке ашырууга көп күч жумшады. Улуу Ата Мек. согушта Г. профсоюздары эмгекчилердин күч-кубатын душманды жеңип чыгууга багытта-ды. Согуштан кийин респ-канын эл чарбасын өнүктүрүүгө соң. мелдешти ж-а коммунисттик эмгек үчүн болгон күрөштү еөрчүтүүгө катышып, жумушчулар м-н кызматкерлердин эмгек ж-а турмуш шартын жакшыртууга көңүл буруп жатат. 1975-ж. 1-ян-варда профсоюздун 1731,2 миң мүчөсү болгон. Эл чарбасы. Жалпы союздук чарбада Г, марганец, электр феррокуйма, болот труба, станок, электровоз, жүк ташыр машина, металл кесүүчү станок, чай, цитрус өсүмдүктөрү, тамеки, шарап, коньяк, эфир май сыяктуу тамак-аш продуктуларын өндүрүү м-н айырмаланат. 1972-ж. ө. ж. дүң продукциясы 1913-жылга салыштырганда 90 эсе көбөйгөн. Ө. ж. дүң продукциясынын басымдуу бөлүгүн (41%) а. ч. сырьёсун иштен чыгаруу ж-а тамак-аш ө. ж. ээлейт. Респ-ка-дагы суу электр станциялары ж-а жылуулук электр станциялары (эң чоңу — Тбилиси ГРЭСи) жалпы Закавказье энергия системасына кошулган. Чиатура, Ткибули, Ткварчелиде таш көмүр, Ахалцихеде күрөң көмүр казылат. Чиатура марганецинин базасында түзүлгөн феррокуйма чыгаруучу Зестафон з-ду зор мааниге ээ. Согуштан кийинки жылдарда Руста-виде металлургиялык ири завод курулуп, жылына 183 миң г чоюн, 1,4 млн т болот (1970) эритилген, түтүк-төр (трубадар) ж-а сорттуу прокат чыгарылат. Ири хим. ө. ж. тармагы түзүлгөн: Руставиде азоттук капро-лактан ж-а жасалма була, Батумиде нефть ылгоо, Тбилисиде фармацевтика з-ддору иштейт. Машина куруу ө. ж-нда самолет, жүк ташуучу машина, станок, электр тех. буюмдар ж-а приборлор чыгарылат. Кутаиси-де а. ч. машиналары, автомобиль, Тбилисиде электровоз, Батумиде кеме, Тбилиси м-н Батумиде чай шай-мандарын чыгаруучу з-ддор бар; о. эле респ-када мебель ф-касы, целлю-лоза-кагаз комбинаты, фанера ж-а цемент з-ддору иштейт. Жеңил ө. ж-дын жибек, кебез ж-а жүндөн тор буюмдарын токуу, булгаары-бут кийим тармактары бар. Грузиянын эко-номикасында тамак-аш ө. ж-нын бир катар тармактары — чай (84 чай ф-ка), шарап чыгаруучу (шарап, коньяк, шампан), тамеки, консерва, эфир май чыгаруу, минералдуу суу-ларды куюштуруу (Боржоми, Саир-ме) ж. б. маанилүү, булар өз продукциядан СССРдин райондоруна ж-а чет өлкөлөргө жөнөтүп турат. Топурак ж^а климат шарттарынын өтө ыңгайлуу болушу көп жылдык өсүмдүктөрдүн ургаал өсүшүнө жардам берет; айдалуучу жердин 28%ке жакынын көп жылдык өсүмдүктөр ээлейт. Г. тоолуу болгондуктан аянтынын 17%ке жакыны гана иштетилет. Совет мезгилинде ири сугат каналдары курулду. Деңиз жакалай субтропик өсүмдүктөрү — чай (66 миң га), цитрус (17 миң га), тунг, жагымдуу лавр ж. б. өстүрүлөт. Г. СССРде өндүрүлгөн чайдын 95%ин ж-а цитрустун 100% тейин берет. Респ-ка жог. сапаттагы шарап чыгаруу ж-а жемиш өстүрүү (155 миң га) м-н белгилүү. Тех. өсүмдүктөр: жог. сапаттуу тамеки, күн карама, кызылча, атыр өсүмдүгү (эфир) (1970-ж. бардыгы 43 миң га), жашылча-бакча ж-а картошка (58 миң га) эгилет. Мал чарбачылыгы негизинен эт-сүт Ажар АССРдеги Ангиса кыштагында™ колхоз багында. ж-а эт-жүн багытында. 1974-ж. 1509,6 миң уй, 1983,6 миң кой-эчки, 739,2 миң чочко, 58 миң (1973) жылкы болгон. Т. ж. тармагынын уз. 1,42 миң км. Негизги т. ж.— Закавказье (Баку—Батуми) магистраль^ Кара деңиз темир ж-нун (Миха Цхакая — Сухуми — Туапсе) чоң мааниси бар. Автомобиль жолунун уз. 21 миң км. Деңиз катнашы өнүккөн. Ири порт-тору — Батуми, Поти, Сухуми. Г. табигый геогр. ж-а экон. жактан 8 экон. р-нго бөлүнөт: Борб. Чыгыш (Тбилиси), Чыгыш (Кахети), Борб. Батыш (Кутаиси), Батыш (Кара деңиз бою), Түштүк, Абхаз АССР, Ажар АССР, Түш. Осетин АО. Саламаттык еактоосу. 1970-ik. ар миң адамга төрөлгөндөр 19,2, өлгөндөр 7,3, балдардын өлүмү ар миң тирүү төрөлгөн балага 25ти түзгөн. Өмүрдүн орто узактыгы 73 жаш. Респ-када чума, келте, чечек, безгек, полиомиелит оорулары жок кылынган; кептөөр 10 эсе, ал эми бруцеллёз 6 эсе азайган. Өлүм — негизинен жүрөк-кан тамыр ж-а рак ооруларынан. 1971-жылдын башында 43,1 миң койкалуу 573 оорукана (миң кишиге 9,1 койка), 1913-ж. 2 миң койкалуу 41 оорукана (бир миң кишиге 0,8 койка) болгон. Респ-када 1392 амбулатория-поликлиника-лык мекеме, 152 диспансер, 190 аялдар консультациям.!, 55 төрөт үй, 19,1 миң врач (1974) иштеген. Мед. кадрларды мед. ин-ттар даярдайт. Г-да Цхалтубо, Боржоми, Бакуриани, Тбилиси, Гагра, Пицунда, Сухуми, АВастумани ж. б. курорттору бар. Элге билим берүү, маданий агартуу мекемелери. Г-да 4-к-дын 1-жарымында эле Фасисте (азыркы Поти) жог. риторика мектеби—Колхида академиясы болгон. 5-к-дан чиркөө, монастырь мектептери ачылган. Агартуу иши Г. Россияга кошулгандан баштап бир кыйла өөрчүгөн. Совет бийлиги орногондон кийин өз эне тилинде окутуу киргизилген. 1926-ж. 9— 49 жаштагылардан сабаттуу эркектер 61,2%, аялдар 44,6% болгон. 20-жылдарда мектепке чейинки мекемелер ачылып, алардын саны 1930-ж. 134 (10 миңден ашык бала) болсо, 1971-ж. 1805ке (1182 миң бала) жеткен. 1974—75-окуу жылында 4,4 миң жалпы билим берүүчү мектепте 1034 миң, 95 атайын орто окуу жайында 50,3 миң окуучу, 19 жог. окуу жайында 83,6 миң студент окуган. 3,8 миң массалык китепкана, 2,2 миң клуб мекемеси, 78 музей, 22 театр иштеген. Илим жана илимий мекемелери. 1. ТАБИГЫЙ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ИЛИМДЕР. Г-нын илими Байыркы Чыгыш ж-а грек-рим м-н болгон карым-катнаштан келип чыккан. Байыркы Г-дагы колдонмо илимдердин жетишкендиктерин металлургия, керамика, айнек өндүрүшү, талаачылык, жүзүмчүлүк, ирригациялык куру жазуучулар ассоциациясына бирикти. 1927-ж. Г. жазуучуларынын 1-съезди болду. Көрүнүктүү прозачьшар Н. Лордкипа-нидзе, Л. Киачели, М. Жавахишвили, К. Гамсахурдиа, С. Клдиашвили, акындар Г. Леонидзе, Т, Табидзе, П. Яшвили, B. Гаприндашвили, С. Чиковани, С. Шан-шиашвили, И. Гришашвили, Ш. Апхаидзө ж. б-лардын белгилүү чыг-лары жазылды. Грузин совет драматургиясына негиз салуучулар: Ш. Дадиани, П. Какабадзе, C. Шаншиашвили ж. б. 20—30-жылдарда ад-тка И. Абашидзе, А. Мирцхулава, К. Лордкипанидзе, К. Каладзе, Г. Абашидзе өңдүү поэзия м-н прозанын чеберлери кошулду. Жазуучу ж-а акындар Л. Готуа, Р. Маргиани, Л. Асатиани, И. Нонешвили, А. Каландадзе, Х. Беру-лава, О. Чхеидзе, Л. Авалиани, Р. Жа-наридзе, М. Лебанидзе, М. Мачавариани, Н. Думбадзе ж. б-лар грузин ад-тын жаңы мотивдер м-н байытып жатышат. Совет бийлигинин жылдарында грузин жазуучуларынын чыг-лары СССР ж-а көптөгөн чет эл тилдерине которулган. Кыргыз окурмандары грузин акын-жазуучуларынын чыг-лары м-н тааныш. Таланттуу акын А. Осмонов которгон Шота Руставе-линин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасы 4 жолу (1940, 1951, 1956, 1976) басылып чыкты. Архитектура жана сүрөт өнөрү. Грузин иск-восунун байыркы эстеликтери б. з. ч. (Шулаверис, Урбниси) 5—4-к-га туура келет. Б. з. ч. 1-к-дын аягынан биздин доордун алгачкы кылымдарына чейинки сепилдер, дворецтер ж-а табына турган имараттар сакталып калган. Феод. түзүлүш калыптана баштаганда эле арх-ра улуттук мүнөзгө ээ боло баштаган. 4—5-к-да базилика (Болнис Сиону, 478—493), скульпторлор: Я. Николадзе, Н. Канделаки ж. б.; графиктер: В. Григолиа, С. Кобуладзе ж. б.; театр сүрөтчүлөрү: И. Гамрекели, П. Оцхели ж. б. Музыка. Грузин эли тарабынан түзүлгөн муз.. фольклор жанры ж-а стилинин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Көп үн-дүүлүк — грузин элдик ырынын мүнөздүү белгиси. Г-да 4-к-да чиркөө музыкасы Грузиядагы эң бийик храм — Алаверди собору. 6—7-к-да төбөсү куполдуу храмдар (мис, Жвари, 586—87, 604; Бапа, 7-к.) көп курулган. 10—13-к-да шаарлар, сепилдер, монастырлар, храмдар, дворецтер, акаде-миялар (Ошки, 10-к.; Кутаисидеги Баграт храмы, 1003; Мцхетедеги Светицховелй, 1010—29; Алаверди, 11-к.; Гелат монастыры, 12-к; Вардзиа зоока комплекси, 12-к.) салынган. 20-к-дын башында курулушка улуттук мотивдерди пайдалануу аракеттери кыйла ийгиликтерге жеткен. Белгилүү архитекторлору: А. Н. Кальгин, А. Г. Курдиани, Ш. Д. Кавлашвили ж. б. Байыркы көркөм мад-ттын гүлдөп өсүшү б. з. ч. (Самгори, Триалети) 3—2-к-га туура келет. О. кылымда рельеф скульп-турасы монумент живописи өнүгө баштаган. 19-к-дын аягында грузин иск-восунун жаңыча негиздери түзүлгөн. Көрүнүктүү живогшсчилер: Н. Пиросманашви-ли, Г, Габашвили, М, Тоидзе ж. б.; Тбилиси. Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын скверинде атактуу композитор Захария Палияшвилиге тургузулган эстелик. пайда болгон; 9-к-да чиркөөдө ырдоону үйрөнүү системасы калыптанат. 19-к-да профессионал муз. мад-т өнүгө баштаган. 19-к-дын аягы — 20-к-дын башында грузин улуттук операсы (М. Баланчивадзе-нин «Дарежан Цбиери», А. Аракишвили-нин «Шота Руставели жөнүндө жомогу», 3. Палиашвилинин «Абесалом жана Эте-ри», В. Долидзенин «Кето жана Котеси» ж. б.) түзүлгөн. Көрүнүктүү грузин ком-позиторлору: А. Баланчивадзе, Г. Килад-зе, А. Мачавариани, Ш. Мшвелидзе ж. б.; ырчылары: В. Саражишвили, А. Инашви-ли, Д. Андугуладзе, П. Амиранашвили, Д. Гамрекели, 3. Анжапаридзе, Л. Чко-ния ж. б. Балет артисттери: В. Чабукиа-ни, В. Цигнадзе ж. б. Дирижёрлору: Е. Микеладзе, О. Димитриади, Д. Мирцхулава ж. б. Драма театры. Грузин театрынын башаты бутпарас мистериясына туура келет. О. кылымда ордо театры — Сахиоба өнүккөн. 18-к-дын 90-жылдары падыша Ираклий II нин кан сарайында ак сөөктөрдүн театры түзүлгөн. Драматург Г. Эристави 1850-ж. грузин профессионал театрын не-гиздеген. 1879-ж. И. Чавчавадзе м-н А. Церетели Тбилисиде ж-а Кутаисиде улуттук профессионал театрларды кайта. «Король Лир» спектаклинен бир көрүнүш. Король Лир — СССР эл артисти, Лениндик сыйлыктын лауреаты С. Закариадзе, Регана—Грузин ССРинин эл артисти М. Чахава. дан түзүшкөн. Бул театрларды В. Абашидзе, В. Алекси-Месхишвили өңдүү көрүнүктүү артисттер иштеген. Г-да Совет бийлиги орногондон кийин грузин совет театрынын чыг-лык жогорулашы реформатор режиссер К. Маршанишвилинин ысымы м-н байланыштуу болгон, ш. Руставели ж-а К. Маржанишвили атн. академиялык театрларда А. Ахметели. У. Чхеидзе, А. Хорава, С. Закариадзе, А. Жор-жолиани, В. Анжапаридзе, В. Годзиашви-ли ж. б. театр өнөрүнүн ири ишмерлери эмгектенет. Кино. 1912-ж. В. Амашукели «Акакий Церетелинин Рачеге жана Лечхумиге саякаты» деген биринчи документ киноочерк тарткан. 1919-ж. реш. А. Цуцунава «Хри-стинэ» туңгуч көркөм фильмин койгон. 20—30-жылдарда «Кызыл азевилдер» (1923, реж. И. Перестиани), «Элисо» (1928, ре». Н. Шенгелая), «Акыркы маскарад» ж-а «Арсен» (1934, 1937, реж. М. Чиаурели) ж. б. фильмдер түзүлгөн. 50-жылдарда грузин киносунун жаңы этабы башталат. Ушул мезгилде «Луржа Магданы» (1956, реж. Р. Чхеидзе), «Бөтөн балдар» (1958, реж. Т. Абуладзе), «Солдат вальсы», «Солдаттын атасы» (1965, реж. Р. Чхеидзе) ж. б. фильмдер коюлган. Белгилүү актёрлору: Н. Вачнад-зе, М. Геловани, С. Закариадзе, Л. Абашидзе, С. Багашвили ж. б.

Ад.:   Тв оз деңкий Н. А., Физическая география Кавказа, т. 1—2, М., 1951—58; Природные ресурсы Грузинской ССР, т. 1—6, М., 1958—65; История Грузии, т. 1, 3, Тб., 1962—68; Страницы из истории Грузии, Тб., 1965; Махарадзе Н. В., Победа социалистической революции в Грузии, Тб., 1965; Дзоцекидзе Г. С, В. И. Ленин и развитие науки и культуры в Советской Грузии, Тб., 1970; Грузия, М., 1967 (серия «Советский Союз»); Ба-рамидзе А., ГамезардашвилиД., Грузинская литература, Тб., 1968; Амиранашвили Ш. Я., История грузинского искусства, М., 1963; Беридзе В., Грузинская архитектура с древнейших времен до начала ХХ века, Тб., 1967; Февральский А. В., Театр имени Руставели, М., 1959; Грузинская музыкальная культура, Сб. ст., М., 1957; Ц е-р е т е л и К. К., Киноискусство Советской Грузии, М., 1969.

от 2020