(11. 3. 1894—21. 9. 1964) — герман жумушчу кыймылынын ишмери, ГДРдин саясий ж-а мамл. ишмери. 1924—26-ж. Ганновер-дөги Академияда (Лейбниц атн.) окуган. 1926—30-ж. Жог. саясий мектепте ж-а Берлин ун-тинде эркин угуучу болгон. 1908-ж. Брауншвейгдө соц. жумушчу жаштар уюмунун мүчөсү, 1910-ж. анын пред-ли. 1912-ж. Германия с.-д. партиясына кирген. 1914—18-ж. армияда. 1921—22-ж. ички иштер ж-а эл агартуу, 1923—24-ж. Брауншвейг өкмөтүнүн юстиция министри. 1925—33-ж. с.-д. партиядан герм. рейхстагга депутат. 1933-ж. на-цисттер бийликке келгенде кызматтан четтетилип, 1938-жылдан 1939-ж. мартка чейин камакта. Германияда фаш. режим талкалан-гандан кийин Г. с.-д. партийны калыбына келтирүүгө активдүү катышкан. 1945-ж. с.-д. партиянын Борб. башкармасына пред-ль. 1946-ж. Г-дун катышуусу м-н Германиянын чыгыш бөлүгүндө ГКП м-н ГСДП Германиянын соц. бирдиктүү партиясына (ГСБП) бириккен. Г. 1946-ж. апрелдеги бириктирүү съездинде ГСБП Борб. башкармасына шайланган ж-а В. Пик м-н бирге анын пред-ли. Германия Демокр. Респ-касы (ГДР) жарыялангандан (1949-ж. 7-окт.) премьер-министр. 1950-жылдан демокр. Германиянын Улуттук фронтунун Улуттук советинин мүчөсү. ГДРдин үч жолу эмгек Баатыры (1954, 1959, 1964). Карл Маркс ордени, Ленин ордени ж. б. ордендер м-н сыйланган.

от 2020