ГРОССМЕЙСТЕР

 (нем. GroPmeister— чоң мастер) — шахмат ж-а дойбу б-ча спорттук наам. 20-к-дын башталышында Г. наамы шахмат б-ча эл аралык ири турнирде 1-орунду алган-дарга берилген. СССРде шахмат б-ча Г. 1935-жылдан берилет; ага 41 киши ээ (1976). Сов. биринчи Г. М. М. Вотвинник (1935), аялдардан Н. Т. Гап-риндашвили (1975) болгон. 1949-ж. Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ, 1924-ж. уюшулган) эл ара-лык Г. наамын кабыл алган. Бул наам 1972-ж. чейин дүйнөнүн 104 щахматчысына, анын ичинен сов. 36 спортсменге ушул наам берилген. 1970-ж. СССРде дойбу б-ча 12 Г. болгон (наам 1961-ж. белгиленген). 1948-ж. Бүткүл дүйн. дойбу федерациясынын (ФМЖД) эл аралык Г. наам бекитилген. Дойбу б-ча 14 эл аралык Г-дин ичинде сов. спортсмендер — дүйнөнүн чемпиону А. Г. Андрейко, экс-чемпиондор И. И. Күйөрман ж-а В. И. Щёголов бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *