ГРОПИУС Вальтер

(18. 5. 1883-5. 7. 1969) — немең архитектору ж-а арх-ра теоретиги. Мюнхен м-н Берлин-деги Жогорку тех. мектептен окуган (1903—07). Чыг-лыгынын өсүшүнө П. Беренстин таасири тийген. 1918-ж. Веймардагы Колдонмо ж-а сүрөт өнөр мектебин башкарган. 1937—52-ж. Кем-бриждеги (АКШ) Гарвард ун-тинин арх-ра бөлүмүнүн проф. (1938-жыл-дан жетекчи). Функционализмге негиз салгандардын бири. Арх-ранын рационалисттик принциптерин иштеп чыккан. Г. бир катар маанилүү курулуш, имараттарды долбоорлогон ж-а курдурган: Альфельдедеги «Фа-гус» бут кийим ф-касы (1911, А. Ме-йер м-н бирге), Дессаудагы «Баухауз» имараты (1925—26), Улуу Британиядагы Импингтон • кыштак коллежи (1936-39, М. Фрай м-н бирге), АКШдагы Питсбургга жакын жердеги Нью-Кенсингтон ө. ж. посёлкасы (1941, М. Брёйер м-н бирге), АКШ посолствосунун Афиныдагы имараты (1957-61).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *