ГРОМЫКО Андрей Андреевич

[5(18). 7. 1909-ж. т., азыркы Гомель обл., Старые Громыки кыш.] — сов. мамлекеттик ж-а парт, ишмер, дипломат, Соң. Эмг. Баатыры (1969), экон. илимд. доктору (1956). 1931-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1932-ж. экон. ин-тту бүтүргөн. 1936— 39-ж. СССР ИАнын Экон. ин-тунда ст. ил. кызматкер. 1939-жылдан Тышкы иштер эл комиссариатында амер. өлкөлөр бөлүмүнө башчы, 1939—43-ж. СССРдин АКШдагы посольствосунун советниги; 1943-жылдан СССРдин АКШдагы атайын ж-а полномочиелүү посолу, ошону м-н бирге Куба Респ-касында посланник. 1946—48-ж. ООН-дун Коопсуздук Советинде СССРдин туруктуу өкүлү, 1947—49-ж. СССР тышкы иштер министринин оруп басары, 1949—52-ж. анын биринчи орун басары. 1952—53-ж. СССРдин Улуу Британиядагы элчиси, 1953—57-ж. СССР тышкы иштер министринин биринчи орун басары. 1957-жылдан СССРдин тышкы иштер министри. ООНду түзүүгө арналган Думбартон-Окс конф-ясында (1944) сов. делега-цияга башчылык кылган. Улуу үч держава — СССР, АКШ, Британия башчыларынын Крым ж-а Потсдам конф-яларына (1945), Варшава договоруна кирген мамлекеттердин Саясий консультатив комитетинин со-веттерине катышкан. Көп эл аралык конф-ялар м-н жыйналыштарда болгон. Г-нун катышуусу м-н тынчтыкты чыңдоого багытталган дүйн. мааниси зор эл аралык я«-а эки тараптуу келишимдер даярдалып, жүзөгө ашырылды (ядролук куралды абада, космосто, суу астында сыноону токтотуу келишими, 1963-ж.; СССР м-н Батыш Германиянын ортосундагы келишим, 1970). Г-нун катышуусу м-н Сов. Союзунун тышкы саясаты ж-а эл аралык мамилелери ж-дө бир нече ири монография ж-а изилдөө басылып чыккан. Дипл. документтерди бастыруу б-ча комиссиянын пред-ли. КПССтин 19-съездинде КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 20-съездде КПСС БКнын мүчөсү. 1973-жылдын апрелинен КПСС БКнын Саясий Бюросунун мүчөсү. СССР Жог. Советинин (2, 5—9-шайл.) депутаты. Беш Ленин ордени, башка 2 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *