ГРОДНО

от2020

Ноя 29, 2020

— БССРдин Гродно обл-нын борбору, шаар. Неман д-нын өйүз-бүйүзүндө. Калкы 161 миң (1974). Автомобиль ж-а т. ж. тоому, Неман д-ндагы пристань. Ири ө. ж. тармактары: машина куруу ж-а металл иштетүү, химия, кездеме токуу, булгаа-ры-бут кийим, курулуш материалдарын чыгаруу. Ири ишканалары: хим. комбинат, «Автозапчасть», автомобиль агрегаттарын, соода машиналарын чыгаруу ж. б. Жеңил ө. ж. ишканалары: жука сукно чыгаруу комбинаты, булгаары з-ду, кебезден жип ийрүү ж-а бут кийим ф-калары. Г. 1183-жылдан белгилүү. 1376-ж. литва князы Витовт басын алган. 1569-жылдан Польшанын бийлигинде болуп, 1795-ж. Россияга кошулган. 1920-ж. июлда Совет бийлиги орногон. 1920-ж. октябрдан 1939-ж. сентябрга чейин ак поляктар бийлигинде болуп, 1939-ж. Белоруссияга кайтарылган. 1941-ж. немец фашисттери басып алып, Сов. Армия 1944-ж. бошоткон. Г-до пед., мед., а. ч. ин-тта-ры, 7 атайын орто окуу жайлары, тарыхый арх-ялык музей, орус драма театры бар.

от 2020